Акыйкатчы институнун маалыматы жалганбы?

25-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Бишкектеги №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) камалган 20дан ашык адам ачкачылык кармаганы тууралуу Акыйкатчы институнун маалыматын төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы “Азаттыкка” берген комментарийинде аталган абакта Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдон башка адам ачкачылык кармабаганын билдирди.

Ал эми абактагыларга тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгону тууралуу маалыматка жооп берген жок. Мекеменин жетекчисине эч ким арыз менен кайрылган эмес деген маалымат берди.

 

25-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X