Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто өткөн «BBNJ First Movers» жогорку деңгээлдеги иш-чарасына катышты.
Министр өз сөзүндө улуттук юрисдикциядан тышкаркы аймактардагы деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча BBNJ келишиминин күчүнө киришин тарыхый кадам катары баалап, аны натыйжалуу жана инклюзивдүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргызстан бул келишимге 2025-жылдын 17-июлунда кол коюп, ошол эле жылдын сентябрында ратификациялаган. Келишим өлкө үчүн 2026-жылдын 17-январында күчүнө кирген.
Акыл Токтобаев Кыргызстандын деңизге түз чыга албаган мамлекет экенине карабастан, Дүйнөлүк океанды сактоо жалпы эл аралык жоопкерчилик экенин белгиледи.
Анын айтымында, океандар, тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана кургактыктагы экосистемалар бири-бири менен тыгыз байланышкан бирдиктүү жаратылыш тутумунун бөлүктөрү болуп саналат.