Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 39

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык.

“Бүгүн Казакстандан делегация келет экен, Акылбек Жапаров алар менен өзү жолугат”, — дейт министр.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү кармап ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев анын жумуштан чарчаганынан улам ооруканага түшкөнүн билдирген.

 

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X