Акылбек Жапаров Нарында жаңы дайындалган жетекчилерди так жана ак ниет иштөөгө чакырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун жаңыдан дайындалган акими Эрмекбай Омошевди эмгек жамаатка тааныштырды.

«Нарын облусуна да бүгүн жаңы жетекчи дайындалды. Экөөңөр тең так жана ак ниет иштеп, Нарынды ар тараптан өнүктүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушуңар керек. Бизге азыр ынтымак жана биримдик керек, бөлүнүп жарылбайбы- деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда акимдерди  ротациялоо ийгиликтүү  ишке ашып жатканын белгилеген Акылбек Жапаров  аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын  кошумчалады.

«Райондук жана облустук деңгээлде жакында сотторду жана район прокурорлорун ротациялоо ишке ашты. Региондогу  мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна  Президентибиздин демилгеси менен  жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы.  Экономикабыз көтөрүлсө алдыда мектеп директорлорун жана ооруканалардын башкы дарыгерлерин да ротация жолу менен  иштетүүгө барабыз — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун акими Курманбек Камчыев ээлеген кызматынан бошотулган.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!