Акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү кечеси өттү

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Маданият 51

30-мартта акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү кечеси Бишкек шаарында болуп өттү.

Эскерүү кечесине коомдук ишмер Каныбек Иманалиев, журналист Болот Таштаналиев, акын Олжобай Шакир жана башка акынды жакындан тааныган инсандар катышышты.

Кеченин жүрүшүндө катышуучулар акын тууралуу эскеришип, ырларынан көркөм окушту.

Белгилей кетсек, таланттуу акын 2020-жылы узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Анын «Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат», «Калыңым жок, каадам бар, кааданы билбес наадан бар» деген өңдүү саптары менен элдин эсинде калган.

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Маданият 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X