Акжол Махмудов Германияда чемпион

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов мүчө болгон «Шорндорф» клубу күрөш боюнча Германиянын клубдук чемпиондугун алды. Башкача айтканда, Бундеслигада жеңүүчү болду.
Аталган лигада Махмудов 7 беттеш өткөрүп, анын бешөөндө жеңишке жетти. Ал эми 2 ирет жеңилүү ызасын тартты. Эске салсак, балбаныбыз «Шорндорф» клубу менен 2023-жылы келишим түзгөн.

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X