Акжол Махмудов жарым финалга жолдомо алды

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 31

Бүгүн, 19-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталды. Анда килем үстүнө чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жарым финалга жолдомо алды.

77 килограмм салмакта Акжол Махмудов алгачкы жүрүшүндө ирандык балбан менен кез келди. Биринчи бөлүктө Акжол Махмудов пассивдүү күрөшкөнү үчүн партерге коюлуп, аны ирандык балбан аткара алган жок. Экинчи бөлүктө Акжол Махмудов партерге ээ болуп, андан 7 упай алды. Андан кийин атаандашынын артына дагы бир жолу өтүп, 2 упай алды. Муну менен жалпы эсеп 9:1 болуп, Акжол Махмудов жеңишке жетти.

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X