Ала-Арчада балык уулоо эрежесин бузгандарга 5 протокол түзүлдү
Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлүп, эреже бузган жарандарга карата 5 административдик протокол түзүлдү.
Рейд Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандар аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Регионалдык башкармалык жарандарды жаратылыш ресурстарын пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого жана балык уулоо эрежелерин бузбоого чакырат.