Ала-Баш айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Ысык-Көл облусунун Ала-Баш айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылды. Билим берүү мекемеси Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилип, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн катышты.
Эки кабаттуу мектепте башталгыч жана жогорку класстын окуучулары үчүн заманбап билим алууга бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Имарат эки нөөмөттө иштеген учурда 500гө жакын окуучуну кабыл ала алат.
Мектептин курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, объект жаңы окуу жылына толук даярдалды.
Жаңы мектептин ачылышы айылдагы балдардын сапаттуу жана жеткиликтүү билим алуусуна шарт түзөт.