«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Бахтияр ИГАМБЕРДИЕВ: “БЫЛТЫР ИДП 11%ГА ӨСТҮ, БУЛ – БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭҢ ЖОГОРКУ КӨРСӨТКҮЧ”

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 89

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президенттик кызматка расмий киришкенине беш жылдан ашты. Ал бийлик башына келгенден тарта Кыргызстан толугу менен президенттик башкаруу формасына өтүп, мурдагы баш аламан болгон система талкаланып, жоопкерчилик бир адамга жүктөлдү. Ошол күндөн тарта өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, чечимдер ыкчам кабыл алына баштады. Анын жыйынтыгында экономика көтөрүлүп, мамлекет өнүгүүгө карай кулачын жайганына күбө болуудабыз. Эң башкысы, стабилдүүлүк өкүм сүрүүдө.

Көптөгөн жылдар бою эл ушул күндү күтүп, нааразычылык акцияларында жоопкерчилик жалгыз президентке жүктөлүшүн талап кылып келген. 2020-жылдагы элдик толкундоодон кийин ал аткарылып, ишке ашты. Туруктуу башкаруу системасынын орногондугунун негизинде чайпалып турган мамлекетибизде тынчтык орноп, өнүгүүгө карай кадам шилтеп жатабыз. Маселен, бюджеттин көлөмү кескин көбөйүп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Сөзүбүз куру болбошу үчүн фактыларды келтирсек, ИДПнын өсүү темпи космостук ылдамдыкта жогорулап, көлөмү 22,6 млрд доллардан ашты. Салык кызматынын кирешеси 2020-жылы 78 млрд сом болсо, 2025-жылы 304,3 млрд сом болду. Бажы кирешелери да 6 эсеге өстү. 2020-жылы бюджетке 28,9 млрд сом жыйналса, 2025-жылы 157,4 млрд сом чогултулду. Жакында Кыргызстандын эл аралык резервдери тарыхта биринчи жолу 10 миллиард доллардан ашып, өлкө экономикасынын туруктуулугун жана финансылык базардагы стабилдүүлүгүн көрсөттү. Биз ушул маселенин тегерегинде «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин мугалими Бахтияр Игамбердиевди сөзгө тарттык.

– Бахтияр мырза, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүндө акыркы жылдары так жана системалуу артыкчылыктуу багыттар калыптанып жатат. Бул багыттар жөн гана декларация эмес, алар реалдуу саясат жана практикалык чечимдер аркылуу ишке ашырылууда. Биринчи кезекте, өнөр жайды кайра жандандыруу жана диверсификациялоо өзгөчө мааниге ээ. Акыркы эки жылда жыл сайын 120дан ашык жаңы ишкананын ачылышы – бул Кыргызстандын экономикасы керектөөчүлүк эмес, өндүрүшкө багытталган моделге өтүп жатканын айгинелейт. Айрыкча кайра иштетүүчү өнөр жай, курулуш материалдары, тамак-аш өндүрүшү жана жеңил өнөр жай тармактары өсүүдө.

Экинчи маанилүү багыт – агро-өнөр жай комплекси. Кыргызстан табигый жана климаттык артыкчылыктарын акырындык менен экспортко багытталган кошумча наркы жогору продукция өндүрүүгө пайдалана баштады. Бул айыл чарбасын чийки зат берүүчү тармактан агробизнеске айлантуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Үчүнчү багыт – санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруунун реформасы. Салык системасында, бажы тармагында документти жүгүртүүгө санарип технологиялардын киргизилиши ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетип, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууда. Бул түздөн-түз инвестициялык климатты жакшыртып жатат. Мындан тышкары, коррупция жана криминал менен күрөш, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына көңүл буруу – узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн негизги институционалдык шарттарды түзүүдө. Экономика инвестицияны эң оболу ишеним аркылуу тартат, ал эми ишеним мамлекеттик институттардын иштеши менен түзүлөт.

– ИДПнын жылдык өсүшүн 8% эмес, андан жогору деңгээлде кармоо мүмкүнбү?

– Менин оюмча, маселе ИДПнын өсүшүн 8% деңгээлинде кармоодо эмес. Кыргызстан үчүн 8% – бул минималдуу, ал эми реалдуу потенциал мындан жогору. Акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр буга түз далил. 2025-жылы Кыргызстандын ИДПсы 11%га өстү, бул Борбор Азиядагы эң жогорку темптердин бири. Экономиканын өсүшү бир жолку факторлор менен эмес, структуралык өзгөрүүлөр менен шартталууда: жаңы ишканалар ачылууда, ички инвестициялар өсүүдө, мамлекет бизнеске активдүү шарт түзүүдө. Мындан тышкары, салыктык администрлөө, санарип контролдор, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгы коррупциянын реалдуу төмөндөшүнө алып келди. Бул – экономиканын “ичтен” кеңейишине шарт түзгөн фактор. Башкача айтканда, өсүш тышкы карыздын эсебинен эмес, ички потенциалдын мобилизациясы аркылуу болуп жатат. Учурда Кыргызстандын ИДПсы болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде. Азыркы реформалардын ырааттуу уландысы, өндүрүштүн кеңейиши жана технологиялык жаңылануу шартында орто мөөнөттүү перспективада 30 миллиард долларга чыгуу толук реалдуу максат. Ошондуктан суроо “8% мүмкүнбү?” дегенде эмес, “кантип 10–12% өсүштү туруктуу кылууга болот?” дегенде турушу керек. Буга негиз бар, саясий эрк, институционалдык тазалануу, ишкердик активдүүлүк жана коомдун өнүгүүгө болгон суроо-талабы.

Зулпукаар Сапанов

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X