“Ала-Тоо Резорт” – туризм индустриясынын алгачкы карлыгачы

28-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 114

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ушул жылдын 1-декабрында Ысык-Көлдүн Жыргалаң капчыгайында “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа курорту ачылып, алгачкы ишин баштаганы турат. Бул сонун саамалык Кыргызстандын тоо туризмин өнүктүрүү тарыхындагы маанилүү кадамдардын бири болооруна кыпындай дагы шегибиз жок. Сүйүнгөнүбүз, өлкөбүздүн мурда-кийин ооз менен гана мактап айтылып келген кооз жаратылышы заманбап инфраструктура менен айкалыштырылып, дүйнөлүк туристтик рынокко жаңы өңүттө чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө. Ушундан улам, “Ала-Тоо Резорттун” келечеги, анын өлкө экономикасына тийгизе турган таасири жана жалпы эле Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой толгоп көрүү учур талабы болуп турат. Ачыгын айтканда, Кыргызстандын келечеги деле асман тиреген тоолорун улуттук экономиканын жаңы өсүш булагына айландырууда тураарына күн санап көзүбүз жетип баратат.

Туризмдин жаңы дооруна жол ачкан долбоор

“Ала-Тоо Резорт” долбоору тууралуу алгач айтылган кезде эле анын канчалык Кыргызстан үчүн маанилүү болоору белгилүү эле. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан байлыктарыбыздын бири, биздин ак кар баскан ала-тоолорубуз. Биз ушул күнгө чейин ошол тоолорубузду жайкы жайлоо туризми, азыноолак альпинизм менен гана таанытып келдик. Кенге толо байлыгыбыз бар экенин айттык. Ошенткенде эле тоолорго болгон мамилебиз өзгөрүп кетпестигин деле түшүнгөндөй болдук. Мен сыяктуулар “кен байлыкты  каздыруунун кереги жок” деп, далай ирет “экологиянын келечегине кенен кол жеткирсек, кендерди казбай, акча табуунун альтернативдүү жолун издесек” — деп тил безедик. Ал эми дүйнөлүк тажрыйба, тоолуу өлкөлөр үчүн андан каражат табуу жолу сөзсүз эле кенди казууда эмес экендигин көрсөттү. Аки-чүкүсүн айтпаганда, ар кандай тажрыйбалардан улам, биз дагы акырындап кооз тоолорубузга болгон мамилебизди туура жолго салып келе жаткандайбыз. Жайкысын жайлоолорубуздун арасында таза табигатыбыз аркылуу акча таап жаткан болсок, кышкысын да куру эмес киреше берген, кышкы туризмди жолго коё баштадык. Билгенге, кышкы туризм миллиарддаган киреше алып келген, миңдеген жумуш орундарын түзгөн жана бүтүндөй аймактардын экономикасын өзгөрткөн ири тармак. Бүгүн дүйнөнүн ондогон мамлекеттери ак карлуу тоолорун экономикалык мүмкүнчүлүккө айландырып, кышкы туризмди улуттук өнүгүүнүн маанилүү багыты катары карашаарын билебиз.

Айталы, Австрия, Швейцария, Франция, Италия, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы мунун айкын далили. Кыргызстанда да мындай мүмкүнчүлүк жетиштүү. Бизде бийик тоолор, кары калың, кала берсе узак сакталып, кышкы спортту өнүктүрүүгө ыңгайлуу табигый шарттарыбыз бар. Эң негизгиси, эми бул мүмкүнчүлүктөрдү заманбап инфраструктура менен айкалыштыруу аракети күч алууда. Ал жагына аябай кубанычтабыз. Ушул багыттагы ири демилгелердин бири, биз жогоруда сөз кылып, ачылышы болооруна аз калган Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан “Ала-Тоо Резорт” тоо туристтик кластери болуп саналат. Албетте, Кыргызстанда кышкы туризм кечээ эле пайда болгон жок. Өлкөбүздө тоо лыжа маданиятынын белгилүү бир тарыхы бар. Каракол, Орловка, Чуңкурчак, Кашка-Суу, ЗИЛ, Төө-Ашуу, Норус жана башка лыжа базалары жыл сайын эс алуучуларды кабыл алып келет. Айрыкча Каракол лыжа базасы чет өлкөлүк туристтер арасында да белгилүү. Ысык-Көлдүн жаратылышы, Теңир-Тоонун карлуу чокулары жана лыжа тебүүгө ылайыктуу капталдары өлкөнүн кышкы туристтик мүмкүнчүлүгүн көптөн бери көрсөтүп келгени менен бул тармактын өнүгүүсү азыркыга чейин бир катар чектөөлөргө туш болуп келди. Биринчиден, лыжа базаларынын инфраструктурасы бирдей деңгээлде өнүккөн эмес. Экинчиден, мейманканалардын, тейлөө кызматтарынын жана заманбап асма жолдордун жетишсиздиги эл аралык туристтердин агымын кеңейтүүгө тоскоол болгон. Ошого карабастан, өлкөнүн туристтик экономикасына салымы болбой койгон эмес.  Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк 58,2 млрд сомду түзүп, ИДПдагы үлүшү 3,8% болгон. Ал эми 2025-жылы туризмден түшкөн жалпы киреше 1 млрд 98,5 млн АКШ долларына жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 8,1%га өскөн. Туризм тармагындагы дүң кошумча нарк 74,4 млрд сомду түзүп, өлкөгө 10,5 млн чет элдик жаран келген. Бул көрсөткүчтөр туризмдин Кыргызстан экономикасындагы мааниси жана өнүгүү потенциалы жылдан-жылга өсүп жатканын таасын көрсөтүп турат. Бул эми бир эле кышкы туризмдин эмес, жалпы биздеги туристтик сектордун көрсөткүчү.

Туризмдин экономикадагы өсүп жаткан ордун эске алганда, эми бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган ири долбоорлорго да көңүл буруу зарыл. Бул багытта өзгөчө тоо туризмин өнүктүрүү, аймактардын туристтик потенциалын бирдиктүү система катары пайдалануу аракети күч алууда. Алсак, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын бирдиктүү тоо туристтик кластерине бириктирүүнү көздөйт. Алардын ичинен “Ала-Тоо Резорт” өзүнүн масштабы, географиялык камтуусу жана узак мөөнөттүү максаттары менен өзгөчөлөнөт. Жалпы аянты дээрлик 4 миң гектарды, ал эми алдын ала инвестициялык көлөмү 1,2 миллиард еврону түзгөн аталган долбоор толук ишке ашырылганда лыжа трассаларынын жалпы узундугу 250 чакырымга жетип, алгачкы этапта 47 чакырым лыжа трассасын жана 6 заманбап асма жолду ишке киргизүү, туристтерди тейлөө борборлору, жабдууларды ижарага берүү жайлары, этношаарча, мейманканалар жана 1 400 унаага ылайыкталган токтотуучу жай курулууда.

Жакшысы, курорт бир гана кышкы эс алууга багытталбастан,  жай мезгилинде дагы тоо сүйүүчүлөрү жана экотуризм сыяктуу багыттарды өнүктүрүү планы менен ишке ашырылып, жыл бою туристтерди кабыл алган жаңы борборун түзүү жолго коюлганында. Кластер толук ишке ашканда жылына 2 миллиондон 4 миллионго чейин туристти кабыл алууга жана болжол менен 7 миң туруктуу жумуш ордун түзүүгө пландалып жатыптыр. Бул эң жакшы киреше булагы. Себеби, “кар качан жаайт?” — деп, кыш-кыроону күтүп отурбай, жайында да туристтерди кабыл алып, мейманканалардын жыл бою толушуна, жумуш орундардын туруктуу сакталышына шарт түзөт.

Миллиарддарга маарыткан тоолор

Эми тоо туризминин дүйнөлүк тажрыйбасына кайрылып, тоолуу өлкөлөр бул мүмкүнчүлүктү кантип экономикалык киреше булагына айландырып жатканын карап көрөлү. Биз жогоруда Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бири, дал ушул тоолордо экенин айтып калбадыкпы. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, туура инфраструктура, инвестиция жана натыйжалуу башкаруу аркылуу тоолор бүтүндөй аймактын экономикасын алдыга жылдырган ири туристтик борборлорго айлана алаарын ачык көрсөтүп келет. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланууда Австрия, Швейцария жана Франция сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын айтсак болот. Алар тоолордун табигатына тамшанган эс алуудан тышкары мейманкана бизнесин, коомдук тамактанууну, транспортту, сооданы жана башка кызмат көрсөтүү тармактарын бириктирген экономикалык экосистема катары өнүктүрүшкөн. Албетте, Кыргызстан Австрия, Швейцария же Франция менен лыжа инфраструктурасы боюнча азырынча тең тайлаша албашы мүмкүн. Бирок, алардын тажрыйбасы бизге тоолорду экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча булагы катары кароону үйрөтөт. Дүйнөлүк туризм индустриясында кышкы эс алуу өз алдынча ири экономикалык рынок болуп саналаары белгилүү. Эл аралык тоо туризми боюнча 2024-2025-жылкы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндөгү лыжа базаларына болгон сапарлардын саны 399 миллионго жетиптир. Бул көрсөткүч кышкы туризмге болгон суроо-талаптын жогору экенин жана анын дүйнөлүк экономикадагы орду канчалык чоң экенин айгинелейт. Маселен, Австрияны алалы. Алардын туристтик тармагынын маалыматтарына ылайык, бир жылкы кышкы сезондо өлкөнүн лыжа туризми болжол менен 12,6 миллиард евро киреше алып келген. Бул тармакта мейманкана, ресторан жана асма жол кызматтарын кошкондо 282 миңге жакын адам эмгектенет. Бул деген жумуш орду. Ал эми Швейцариянын тажрыйбасына карасак,  2025-жылкы кышкы сезондогу жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешеси 902 миллион швейцар франкын түзгөн. Францияда болсо дүйнөдөгү ири тоо лыжа борборлору аркылуу жылдык сатуудан түшкөн кирешеси 1,6 миллиард еврону түзүптүр.

Бул мамлекеттердин тажрыйбасынан бир маанилүү жыйынтык чыгарууга болот. Мына, эмне деген киреше агылып бул өлкөлөргө кирип жатат. Кыскасы, “Ала-Тоо Резорт” баштаган жайларыбыз аркылуу турист келгенден тартып, кеткенге чейин анын ар бир кадамына гүл өстүргөн туура жолдорду түзө алсак, анда эле ал жайыбыз өлкөнүн экономикалык кубаттуулугун арттырган жагымдуу жайга айланат.

Кыргызстандын тоолору ата-конушубуз катары кылымдар бою табигый байлык болуп келди. Эми да ошол байлыкты “алтындардан” эле издей бербей, туура экономикалык саясат аркылуу элдин бакубатчылыгына кызмат кылган өнүгүү булагына айландыруу милдети турат. “Ала-Тоо Резорттун” тарыхый мааниси дал ошондо.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X