«Ала-Тоо Резортто» 9 трансформатор орнотулду

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 104

«Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексинин негизги объектилери электр энергиясы менен камсыздалды.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, учурда төрт канат жол станциясына, метеорологиялык жана кар көчкү станцияларына, ошондой эле лыжа жабдууларын ижарага берүү пунктунун имаратына электр энергиясы берилди.

Комплексти туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 10 трансформатордук көмөк чордон орнотуу каралган. Учурда анын тогузу орнотулду. Акыркы көмөк чордону 25-ноябрга чейин монтаждалат.

Мындан тышкары, боз үй шаарчасы, жыгач үйлөр, лыжа трассаларындагы прожекторлор жана фуд-кортту электр тармагына кошуу иштери уланууда.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X