Ала-Тоодо көп кабаттуу үйлөр жана саркынды суу тутуму боюнча маселе көтөрүлдү
Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлай Машрапова, Алишер Козуев жана Илимбек Кубанычбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Жолугушууда аймактын негизги көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, калкынын саны боюнча Ала-Тоо өлкөдөгү ири айыл аймактардын бири. Ушундан улам аймакта көп кабаттуу турак жайларды куруу жана саркынды суу тутумун киргизүү эң актуалдуу маселелердин бири болуп турат.
Мындан тышкары, жолугушууда жаңы мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу, социалдык объектилерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана ички жолдорду асфальттоо маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле тургундарга тиешелүү жөлөкпул жана пенсия маселелерине байланыштуу көйгөйлөр айтылды.
Депутаттар Ала-Тоо айыл аймагындагы көйгөйлөрдүн көбү менен тааныш экенин билдирип, аларды чечүү үчүн тиешелүү министрликтер менен иш алып бара турганын белгилешти.
Эл өкүлдөрү аймактагы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган демилгелерди Жогорку Кеңеш колдоого даяр экенин айтып, маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташуу маанилүү экенин баса белгилешти.