Аламүдүн районунда киши өлтүрүү жана денега оор жаракат келтирүүгө шектүү кармалды

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 36

2021-жылдын 2-июнь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо көрсөтүгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда 1979-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам эсине келбей оруканда каза болгондугу аныкталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Окуянын келип чыгуу себептерини аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлгүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып ал 1979-жылы туулган Э.Р. аттуу экенди такталып, колго түшүрүлгөн.
Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда, Бишкек шаарындагы оорканалардын бирине дагы бир жаран бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы туурлалуу маалаымат түшкөн. Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тершгөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда 1980-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран денесине бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы аныкталып, бул окуяга да жогорудагы эркек кишиин катыштыгы бар экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Алдын ала териштирүү учурунда, кылмышка шектүү жана оорканага түшкөн эки жаран үчөө ичимдик ичишип отурушуп, ортодо чыкан чыр-чатактан улам уруша кетишип, жыйынтыгында эки жаран бычактан жаракт алып, бири оорканада каза болуп, экинчиси мас абалында болгон үчүн бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага кайрылганы маалым болгон.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X