Аламүдүндө 900 миң сомдук тигүүчү машина уурдаган адам кармалды

10-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 45

Аламүдүн районунда кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милицисынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

“Март айынын башында Аламүдүн РИИБүнө 1968-жылы туулган К.Б.арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр контейнеринин эшигин бузуп кирип, кийим тигүүчү машиналарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 900 миң сомдон ашкан”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Белгилей кетсек, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон. Учурда анын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X