Алматада баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тараптардын жолугушуусу болду

ИИМдин маалыматына ылайык, Алмата шаарында Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Борбордук азиядагы аймактык маалыматтык координациялоочу борбордун жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушуунун жүрүшүндө, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатында өз ара аракеттенүү, анын ичинде көзөмөлдөп жеткирүүлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланып, баңгизаттарга байланыштуу кырдаал жана анын региондордогу өнүгүшүнүн негизги тенденциялары жөнүндө маалымат алмашылды.

21-май, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом / #КР ИИМ БМЖККК БААМКБ 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X