Алмаз Имангазиев өзгөчө муктаждыгы бар балдардын ата-энелери менен жолукту
Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев «Келечек» реабилитациялык борборуна барып, балдардын жашоо шарттары, реабилитациялык процесстин уюштурулушу жана адистердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө министр өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери менен баарлашып, алардын ой-пикирлерин жана борбордун ишин мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштарын укту.
Ата-энелер адистердин ишине, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына жана балдарды реабилитациялоо үчүн түзүлгөн шарттарга оң бааларын беришти. Ошондой эле борборду кошумча жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча бир катар сунуштарын билдиришти.
Борбордун кызматкерлеринин маалыматына ылайык, министр келген учурда реабилитациялык кызматтарды 49 адам алып жаткан. Алардын ичинен 37 адам стационардык шартта, 12 адам күндүзгү бөлүмдө кызмат алышууда. Балдар менен бирге борбордо 29 коштоочу адам болгон.
Белгилей кетсек, «Келечек» реабилитациялык борборунда бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Борбор 2022-жылдын 29-декабрында ачылгандан бери бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2 546 бала реабилитациялык кызматтарды алды.
Министр өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн, ошондой эле кызмат алуучулардын муктаждыктарын эске алуу менен реабилитациялык кызматтардын сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.