Алтын казуудагы коррупция: Аким кармалды

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 283

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кызмат адамдарынын калкалоосу астында мыйзамсыз алтын казуу уюштурулган. Бул ишке байланыштуу район акими, милиция бөлүмүнүн башчысы жана дагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.

Тергөөдө 2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып бир топ адам алдын ала сүйлөшүп алып, айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Куру-Тегерек тилкесинде чачынды алтынды мыйзамсыз казууну уюштурганы аныкталган.

Алтын казууда фронталдык жүктөгүч, насостор жана жууп-тазалоочу жабдуулар колдонулган. Бирок иштер жер казынасын пайдаланууга лицензия жана тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргүзүлгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, казылып алынган алтын мыйзамда белгиленген тартипти кыйгап өтүү менен сатылган. Андан түшкөн ири суммадагы акча каражаттарынын мыйзамсыз келип чыгышын жашыруу жана аларга мыйзамдуу көрүнүш берүү аракеттери көрүлгөн.

Мындан тышкары, топтун мүчөлөрү мыйзамсыз ишмердүүлүккө көз жумуп, калкалап турганы үчүн акчанын бир бөлүгүн акча которуу системасы аркылуу район акимине жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына жөнөтүп турушкан.

Оперативдүү-тергөө иш-чараларынын алкагында төмөнкүлөр кармалган:

  • Чаткал районунун акими С.А., 1975-жылы туулган;

  • Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Т., 1972-жылы туулган;

  • Э.А., 1988-жылы туулган;

  • Ж.З., 1979-жылы туулган.

Алардын бардыгына карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөөчүлөр мыйзамсыз казылган алтынды сатуу каналдарын, кылмыш жолу менен алынган акчанын кыймылын жана бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктап жатышат. Мындан тышкары, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жагдайлары да иликтенүүдө.

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 283
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X