Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде билдирди.
Депутат Гүлкан Молдобекова «Алтын тамгадан» орун албаган мектеп директорлорунун иштен алынышы канчалык туура деген суроо узаткан.
«Бул — мектеп жетекчилерине карата басмырлоо. Анткени жакын арада «Алтын тамганы» алып салабыз. Ал бир жакка өтүүгө жардам бербейт. Кызыл аттестат жана Жалпы республикалык тестирлөө калат. Ал эми айрым облус жетекчилеринин ЖРТ жана «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн жакшы найтыжа көрсөтпөсө иштен алынат дегени аша чабуу. ЖРТ — бул ЖОЖго өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу экени жобосунда жазылган», — деди Кендирбаева депутаттын суроосуна жооп берип жатып.