Алымкадыр Бейшеналиев: “Коркутуп-үркүтүүлөр байма-бай болуп жатат”
Ар жуманын ишемби күнү эртен мененки саат 8ден баштап кечки 8ге чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген жарандардын суроолоруна жооп берип гана тим болбостон, даректүү жардам берүү менен дагы алектенет экен.
Министрдин мындай кадамы мен үчүн кыйла көңүл жубатаарлык көрүнүш болду. Маектешүү учурунда министр ишиндеги жетишкендиктери, тоскоолдуктары, алдыдагы максаттары жөнүндө айтып берди. Аталган кызматты аркалап, канчалык ийгиликтерге жетишет, канча убакыттан бери калыптанып калган саламаттык сактоо системасынын тарыхында бурулуш жасоо менен калкка кызмат көрсөтүүдө коомчулуктун оң баасына татыйбы же жокпу аны мезгил көрсөтөөр. Мамлекет башчысы чоң ишеним артып тапшырган кызматын тайсалдабай аткарып жаткан министрге маегибиздин башында эле чоң сый-урмат менен ийгилик каалайм. Ачык мүнөз маңдайымдагы маектешимден чыныгы адамгерчиликтин эпкинин сездим.
— Алымкадыр Савирдинович, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен мурдагы жылдарга салыштырмалуу энелердин өлүмү көбөйгөндүгү айтылды. Буга эмне себеп болууда?
— Ооба, жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда мындай көйгөйгө тиешелүү төрт башкы дарыгер иштен алынып, дагы он башкы дарыгерге сөгүш жарыяланды. Кыска убакыттын ичинде бул боюнча жыйынтык жакшы болот деп ишенем.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фонду Кыргызстанда энелердин өлүмү көбөйүп жатканын билдирген. Анда, мурда энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 аялга 24 болсо, учурда 40ка жетип жатканы айтылган.
Кыргызстанда соңку 15 жылда статистикага таянсак ымыркайлардын өлүмү 40 пайызга кыскаргандыгы маалымдалган. 2000ге жакын ымыркай төрөлгөндөн кийин бир айга жетпей чарчап калгандар. Ал эми 1400дөн ашуун ымыркайлар өлүү төрөлгөн.
Эне менен баланын саламаттыгын коргоо максатында Кыргыз Республикасында 2018-жылдан бери жашыруун перинаталдык аудит киргизилген. Перинаталдык аудит – бардык деңгээлдеги перинаталдык жардамдын сапатына системалуу талдоо жасаган, ымыркайлар арасында өлүмдүн жана өлүү төрөлүүлөрдүн себебин, ошондой эле аларга кандай факторлор түрткү болоорун жана алдын алуу жолдорун талдаган көрсөткүч. Бул долбоор бизде Япония өкмөтү аркылуу каржыланып, ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ал эми энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн кескин көбөйүп кетишине өлкөдөгү эң жөнөкөй факторлор дагы чоң таасирин тийгизип жатат. Мисалы, алыс барбай эле «Ош» базарынын тегерек четин мисал келтирейин. Менчик гинекологиялык клиника дегенден да алысмын, көбүнчө жеке гинекологиялык, стоматологиялык кабинеттерди ачып, шарттары санитардык абалы эч талапка жооп бербеген жайларды кездештирүүгө болот. Андай жерлерге арзандыгына кызыгып жарандардын көпчүлүгү катташат. Жеңил ойлуу кыз-келиндер анонимдүүлүгү үчүн аборт кылдырышат экен. Андан кийин тиешелүү дары-дармектерди кабыл алышпагандыгы, ага кошумча антисанитариядан жуктуруп алган инфекциялар албетте энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнө чоң себеп болушат да. Бул жерде кардарлар менен кошо дарыгерлердин да күнөөлөрү бар.
Ушундай факторлордун үстүндө жалгыз эле саламаттык сактоо министрлиги эмес, жалпыбыз күрөшүшүбүз керек. Мындай шартта укук коргоо органдарынан тартып, катардагы жарандарыбызга чейин колдоолорго, жардамдарга муктажбыз. Бул чети эле. Ошол себептен биз эң биринчиден талапка ылайык медицина кызматкерлерин даярдап чыгуудан ишибизди баштап турабыз. Талапка ылайык, мыйзамдуу, билимдүү дарыгерлерди даярдасак, анан алардан ошого жараша иштин жыйынтыгын талап кылышыбыз керек. Ал эми акча каражаты, айлык деген андан кийинки, бирок негизги маселе.
— Билимдүү жаштар демекчи, талапка жооп бербеген медициналык окуу жайларды текшерүү, лицензияларын карап чыгуу дагы жүргүзүп жаткан реформаңыздын негизги максаттарынын бири эле.
— Ар бир Мекенге кызмат кылам деген жетекчи сандан сапатка өтүү стратегиясын тандап алат. Мен министрлик кызматка келгенге чейин эле бул маселенин үстүндө көп ойлончумун.
Өткөн жылы эксперттик комиссия текшерүү жүргүзүп, айрым медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базаны колдонушу талапка жооп бербей турганы аныкталган.
Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар. Текшерүүдө алардын профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бербесе лицензияларын артка чакыртып алабыз. Азыркы учурда талапка жооп бербеген 17 медициналык окуу жайдын 12синин лицензиясын артка чакыртып алганы жатабыз. Калган бешөөндө кошумча критерийлер менен текшерүү жүрүп жатат. Буюрса 1-апрелге чейин өлкөдөгү медициналык колледждерди дагы текшерүүнү пландап жатабыз. Бизди бүгүн кантип акча табуу эмес, эртеңки келечегибизди ким дарылайт деген маселе тынчсыздандырышы керек. Ал эми жабылган окуу жайлардагы чет өлкөлүк студенттер мамлекеттик медициналык билим берүү мекемелерден тоскоолдуксуз билим ала беришет. Бир гана айырмасы, жеке чөнтөккө түшкөн акча каражаты мамлекеттик эсепке түшөт. Бул жаман иш эмес да. Мен ар бир окуу жайды текшерип чыктым. Анын башында турган бир жөнөкөй адамдын аты аталбайт. Олигархтар, экс премьер-министрлер, депутаттар. С.Жумабеков митинг кылып миң киши алып чыкса, алар жүз миң киши алып чыгабыз деп коркутушат. Коркуп отура берсек, эмнени өзгөртөбүз? Тескерисинче коркутпай, бирин-экин кишинин чөнтөгүн толтурбай, мамлекетти байыталы. Бай мамлекеттин келечеги да бай болоорун көрүп жатабыз. Негизи өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик медицина мекемелеринин башында мыкты иш алып барган менеджерлер турат. Дарыгерлер дарылап, илимпоздор илимий иштери менен алектенишет. Биз да ошондой жол менен кетишибиз керек.
— Мамлекеттик ооруканаларды жеке өнөктөштүк менен башкарууга бермейинче маселе алдыга жылбайт. Ошондой жол менен медицина тармагын аз убакытта эле өзгөртүп койсо болот деген пикирлер да жаралып жатат. Мисалы, мамлекеттик клиникалар менен жеке клиникаларда бирдей атаандаштык болгондо гана иштей албаганы өзү эле жок болот дегенге кандай карайсыз?
— Мамлекеттик ооруканалардын бардыгын жеке колго өткөрүүгө каршылыгымды башынан эле билдирип келем. Жеке менчик ооруканалар менен мамлекеттик ооруканалардын конкуренциясында мамлекеттики жеңүүчү болуш керек экендигин колдойм. Албетте, атаандаштык болуш керек. Ал атаандаштыкта мамлекеттик ооруканалар утуп чыгышы керек. Бул максатта социалдык дарыканаларды ачуу менен мамлекеттик сатып алууларды жолго коюу аракеттерин көрүп жатабыз. Албетте санариптештирүү менен. Менин максатым – мамлекеттик мекемелерди биринчи орунга коюу. Каражат жеке адамдын чөнтөгүнө эмес, мамлекетке түшүшү керек. Мамлекеттик медициналык мекемелерге бардык шарттарды түзүп, материалдык базаларын өркүндөтсөк эле эл жеке клиникаларга муктаж болбойт. Андан кийинки этапта медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү. 2022-жылы саламаттык сактоо министрлигинин жалпы бюджети 20 млрд сомду түздү. Анын 14 млрд сому милдеттүү камсыздандыруу фондуна тийиштүү. Былтыркы жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50-100 пайызга көбөйткөнбүз. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен баштап дагы 50-100 пайызга жогорулаталы деп жатабыз. Келечекте эл үчүн эмгек кылган ак халатчандардын эмгек акысын 80-85 миң сомго жеткирели деген жакшы тилегим бар. Буюрса ал күн да эрте эле келет деген ишеничим зор.
— Мамлекеттик имараттарды кайтарып алуу менен өзүңүзгө каршылаштарды топтоп алдыныз окшойт. Жеке жашооңузда да коркунуч туудурган жагдайлар болуп жатабы?
— Мен медицина тармагында кырк жылга жакын эмгектенип келе жатам. Ошол жылдар арасында кылган эмгектеримди санап, төш кагып отура берсем деле жарашмак. Жашоом жакшы, акчам жетиштүү. Жүрөгүмдөн төрт жолу операция болдум. Жаш эмесмин, медицина тармагын жакшы жакка өзгөрткөнгө акылым дагы, иш-тажрыйбам дагы жетиштүү. Мамлекет башчыбыз С.Жапаровдун колдоосу менен кызматка келгениме бир жарым жылга чукулдап баратат. Ушул убакыт аралыгында бир топ иштер жасалды. Албетте кээ бирлери колдосо, нааразы болгондор да бар. Ошончо жыл бир системага көнүп калган элди дагы ынандырыш өтө кыйынчылыкка турууда.
Мен ишти адеп өлкөдөгү аймактык ооруканалар менен бейтапканаларды бириктирүүдөн баштагам. Өлкөдөгү 49 санитардык-эпидемиологиялык станциялар 19 болуп кыскарып, борборлоштурулуп түзүлдү. Гематология борборунун ичиндеги маммология илим изилдөө борбору жоюлуп, маммология бөлүмү болуп түзүлдү. Борборубуздагы травматология жана ортопедия илим изилдөө институту жоюлуп, ордуна шаардык «Тез жардам» ооруканасы түзүлдү. Жыл башында республика боюнча кургак учукту дарылаган 17 оорукана жабылды. Былтыркы жылдын башында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо министрлигине кошулду. Ушундай иштер башталганда эле элге кошулуп аткаруу бийлигиндеги көпчүлүк мени реформа жасап жатат дешти. Айрымдары реформа эмес реорганизация дешти. Мен иштеп жатам. Ким эмне дебесин иштеген иштин натыйжасын көрсөтсөм мага ошол жеңиш.
Ооруканалар менен бейтапканалар бириктирилип, бир районго бир башкы врач болуп калды. 200дөн ашык башкы дарыгер, 400гө жакын алардын орун басарларын кыскарттым. Айдоочулары, катчылары, эсепчилери кыскартылды. Бирок, бардык медицина кызматкерлерин жумушсуз калтырган жокмун. Жогоруда сөз кылган 17 кургак учук ооруканасынын айрымдарында 2 же 3 эле оорулуу катталгандары бар экен. Жүздөн ашык эмгек коллективи бар мындай ооруканаларга ошол оорулуулар үч жылда бир кайрылган учурлар кездешти. Эми элестетип коюңуз, аларды жаппаска чара калабы?
20-30 жылдар бою жылбай бир мекемени жетектеп отурган аттуу-баштуу эле дарыгерлердин ири борборлору коррупцияга белчесинен батып калган. Каржылык мыйзам бузууларга да оңой эле бара беришкен.
Бардыгына сенсация жаратып жоюлган травматология ортопедия илим изилдөө институтун сөз кылсам С.Жумабековго жеке өчү бардай кабыл алышты көпчүлүк. Андан башка мисал келтирсем, 2- төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан «Камэк» көп тармактуу клиникасы менен ижара келишими токтоду. Бул клиника жайгашкан имарат саламаттык сактоо министрилигине кайтарылууда.
Алмазбек Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» клиникасы жайгашкан имаратты кайтарып алып, соматикалык оорусу бар бейтаптарды кабыл алуучу оорукана кылып кайра ишке киргизели деп турабыз. Айрым бошогон имараттарга медициналык кызматкерлердин балдары үчүн 800 орундуу бала бакчалар ачылып жатат. Бул дагы мезгил талабы.
Жетекчилери кызматтан кеткен борборлордун кызматкерлеринин бир бөлүгү менин отставкамды талап кылышты. Коркутуп үркүтүүлөр байма-бай болуп жатат. Мен өз чөнтөгүмө иштесем бир жөн. Аны көпчүлүк көрүп турат. Жүргүзгөн мындай иш-аракеттердин аркасы менен мамлекеттин бир миллиарддан ашык акча каражаты үнөмдөлдү. Ошого карабастан жасалган иш-аракеттердин бардыгын тескери нукка бура бериштин өзү туура эмес. Керек болсо башыма кирпич түшүп, кокустан өлүп калаарымды эскерткен билдирүүлөр келет телефонума. Мамлекет үчүн иштеп жаткандан кийин мамлекеттик башка органдар системдүү түрдө кол кабыш кылбаганы өкүндүрөт мени. Жетекчи мамлекеттик мекемеде, өз чөнтөгү үчүн иштеген учурлар биздин өлкөдө эле кездешет. Чет мамлекеттердеги кесиптештер үчүн бул таптакыр жат көрүнүш. Мурунку учур өттү, дүйнө өзгөрүүдө. Иштей албагандардын ордуна, иш билги мыктылар келиш керек. Андан трагедия жасаштын кереги жок. Айланып, тегеренбей сен деп сөөмөй кезеп, иштин жыйынтыгын талап кылганга өтүшүбүз керек.
— Жогоруда сиз айткан маселелерди иш жүзүнө ашырып, жыйынтык чыгаруу үчүн сизге канча убакыт талап кылынат?
— 20-30 жылдап тоңгон музду эритип, ишке жаратууга чындыгында убакыт кененирээк талап кылынат экен. Бул жаңылануу дейбизби, же калыбына келтирүү иш-аракеттери дейбизби, же реформа дейбизби, айтор кылган иштерибиздин жыйынтыгын көрүүгө да убакыт керек. Медицина тармагындагы өзгөрүү менен өсүштөр даана байкалганда гана жалпы эл мени колдойт деп ишенем. Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун ишенип тапшырган кызматынан пайдаланып, өлкөбүздүн медицина тармагынын өнүгүшүнө өз салымымды кошсом дейм. Алдыда аткарчу иштер абдан көп. Ага бир эле мисал, бириктирилип түзүлгөн жалпы дарыгерлик тажрыйба борборлорун ( ЦОВП ) дагы кайра карап чыгышыбыз керек болуп жатат. Лабораториялар менен дарыканалардагы бааларды көзөмөлдөө үчүн Антимонополияга каршы агенттик менен системалуу иштерди аткаруу дагы бүгүнкү күндүн талабы. Башкы врачтарды алмаштырып же ооруканаларды бириктирип койгондон эле маселенин баары чечилип калбайт да. Көзөмөл, жоопкерчиликтин үстүндө да өзгөчө программалар керек. Негизи эле бүгүнкү жасалып жаткан иш-аракеттердин өзөгү — саламаттык сактоо тармагын адамга кызмат кылдырууга багытталат.