Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагы узартылды

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 45

Убактылуу кызматтан алынган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу Кайсын Абакиров анын баш коргоо чарасы 18-августка чейин узартылганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында жазып чыкты.

Бүгүн Биринчи Май райондук соту Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын 2022-жылдын 18-августуна чейин узартты.

Эске салсак, Башкы прокуратура Бейшеналиевге июнь айынын башында кылмыш ишин козгогон.

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X