Аманкан Кенжебаев Президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

3-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

Аманкан Кенжебаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, кол койду.

Аманкан Кенжебаев — мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1967-жылы Чүй облусунда туулган. Ал айыл чарбасында иштеп, Сокулук районун жетектеген, кийинчерээк Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайланып, агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча парламенттик комитеттин төрагасы болуп иштеген.

3-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X