Аманкан Кенжебаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, кол койду.
Аманкан Кенжебаев — мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1967-жылы Чүй облусунда туулган. Ал айыл чарбасында иштеп, Сокулук районун жетектеген, кийинчерээк Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайланып, агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча парламенттик комитеттин төрагасы болуп иштеген.

