Андижанда түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтыгы талкууланды
2026-жылдын 26–27-ноябрында Өзбекстандын Андижан шаарында Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Улук кызматкерлер комитетинин 8-жыйыны өттү. Анда түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтыгын өнүктүрүү жана орток мурастарды жайылтуу маселелери талкууланды.
Быйыл Андижан шаары «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деген ардактуу макамга ээ болгон. Жыйынга ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү жана дипломатиялык миссияларынын кызматкерлери катышты. Кыргызстандын атынан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нусубалы Жакыпбеков барды.
Эки күндүк жыйында Андижанда жыл ичинде маданий борбор макамынын алкагында өткөрүлгөн ири маданий, илимий жана чыгармачылык иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле түрк элдеринин орток руханий мурастарын сактоо, жайылтуу жана биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйындын соңунда күн тартиби, резолюциялардын долбоорлору жана жыйынтыктоочу документтер макулдашылды. Алар 28-ноябрда өтө турган ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин 43-жыйынында кароого жана бекитүүгө сунушталат.