Анголада шимпанзеден туулган баланы табышты
Анголалык 12 жашар Аугусто Дембо өзүнүн атасын шимпанзе деп эсептейт. Анткени ага энеси ушундайча түшүндүргөн. Аугустонун энеси Анита Дембо, уулуна Камео Улуттук паркында иштеп жүргөн кезде шимпанзе менен болгон мамилесин ачыктаган. Бул тууралуу Africa Daily News жазды.
Бул окуя улуттук гезиттердин башкы сабына чыгып, коомдо катуу талкууга алынган.
«Адамдар менен шимпанзенин ортосундагы мамиле аталган аймакта өтө кеңири жайылганы менен, бирок мындай учур биринчи ирет расмий жарыяланды», — дейт доктор Антониу Мендес.
Анголанын Президенти Жоау Лоренсу баланы — «Анголанын өзгөчө баласы», «Улуттук жетишкендик», «Кудайдын белеги» жана «Ангола Республикасынын улуулугу» деп билдирди.
Айрым маалымат боюнча, Аугустонун энеси Анита Дембо 1998-жылдары Камео Улуттук паркында иштеген мезгилде, ал шимпанзе менен байланышта болгон.
Ал эми Камео Улуттук паркынын өкүлдөрү “Жаныбарлар менен болгон орунсуз мамилелерди” айыптады.
«Парктын кызматкерлеринин жаныбарлар менен болгон орунсуз жана жосунсуз мамилелери парктын учурдагы эрежелерин одоно бузат», — деп журналисттерге парк жетекчилиги маалымдады.
Белгилей кетчү жагдай, генетиктердин бул окуяны изилдөөсү бир жылдан ашуун убакыттан бери уланып келет. Бирок, «Августо Дембо адам менен шимпанзенин ортосундагы мамиледен төрөлгөн» деген расмий тастыктама же төгүндөө азырынча жок.
Белгилей кетсек, өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында СССРде адам менен приматтарды аргындаштыруу эксперименттери жүргүзүлгөн. Белгилүү болгондой, шимпанзелер адамдар сыяктуу кландарга бөлүнүп, ич ара согуш жүргүзүшөт.
