Аннас Айтбаевдин сөөгү эксгумацияланды
Бишкек шаарындагы N72 мектептин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаевдин сөөгүн милиция эксгумациялады. Бул тууралуу ЖМКларга укук коргоо кызматкерлери билдиришкен. Алардын айтымында, өткөн жумада Бишкектен укук коргоо кызматкерлери Жалал-Абад облусуна барып, бардык эксперттер менен бирге мектеп окуучусунун сөөгүн казып чыгышкан. «Экспертиза үчүн бардык керектүү үлгүлөр алынды жана бир айдан кийин даяр болот»,-делет маалыматта.