АР БИР КЫРГЫЗСТАНДЫК АТУУЛДУН БОЙ ТУМАРЫ БОЛСУН
Президент Садыр Жапаров 14-январда жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады. «Кызыл желегибиз алга сүрөгөн намысыбыз болуп, гимнибизде айкөл Манастын духу жаңырып турса, аскалуу Ала-Тообузду, көк ирим көлүбүздү калкалап турган ак шумкарлуу гербибиз «кыргыз» деген мамлекетти дүйнөгө таанытып турган эн тамгабыз экенине ар убак сыймыктанышыбыз кажет. Арийне, сыймык менен кошо мамлекеттик белгилерибизди арнамыс, ариетибиз менен катар коюп, бийик тута билели! Мамлекеттик гербибиз алысжакында жүргөн ар бир кыргызстандык атуулдун бой тумары болсун!”,- деп айтылат куттуктоодо.