Бишкек шаарындагы Т.Эрматов атындагы музыкалык педагогикалык колледжинин чоң жыйындар залында 10-май күнү педагогика илимдеринин доктору, профессор, публицист, адабиятчы жана жазуучу Абдыкерим Муратовдун “Арча түбүндөгү айдың кеч”, “Ата конуш”, “Ак булут, аппак булут”, “Шегемдик кыз”, “Биографиялык жана библиографиялык маалыматтар” аттуу беш түрдүү китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Мына ушул эмгекчил, өмүрү өрнөк болчу инсандын адабият менен жуурулушуп жашап келе жаткан өмүр жолундагы ирмемдер…
Жомок дүйнөлүү балалык
Абдыкерим агайдын балалыгы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шанкол айылынын Котур-Булак маалесинде өткөн. 1956-жылдын 17-майында болочоктогу илимпоз, жазуучу жарык дүйнөгө келген. Атасы Жаркынбай менен апасы Ибадат кадимки эмгекке бышкан, жөнөкөй, эл ичиндеги адамдар. “Ал кезде элдин адабиятка болгон мамилеси такыр башкача эле”дейт жазуучу, “60-жылдарга чейин калктын калын катмары жалпы эле баатырдык эпостордун духунда жашаган. Тамга таанып, китепти шыр окуп калган тестиерлерге улуу “Манас” эпосунан баштап “Курманбек”, “Эр Төштүк” сыяктуу кенже эпосторго чейин үнүн бийик чыгартып, кыраатын келтире окутуп угуу ар бир үйдөгү чоң кишилердин көнүмүш адаты эле”. Жайдын мелүүн кечтеринде же кыштын узун түндөрүндө үйдөгү чоң ата, чоң энесине далай дастандарды, К.Жантөшевдин айтылуу “Каныбегин” окуп берип олтуруп бала өзүн унутуп жомоктор дүйнөсүнө, өзү окуган каармандарга, андагы окуяларга аралашып кетчү ушундай сааттарда… Ага китеп окутуп, ырахаттана угушкан чоңдор өздөрү да байкабай, береги балакайдын арзуусун сөз өнөрүнүн көркөм дүйнөсүнө азгырып, шыгын ойготуп алышты ошондо эле.
Аксакалдардын ак батасы
Бармактайынан аң-сезимин элдик эпостор ээлеп эс тартып келе жаткан өспүрүмдүн колуна кайсы бир күнү “Жаштык сапары” аттуу китеп тийди. Эскирген, мукабасы айрылган бул китепти барактап көрсө жалаң ошол кездеги жаш калемгерлердин чыгармалары, алардын өздөрү тууралуу жазылган китеп тура. Баарынан да баланы таасирленткен нерсе, өзүнүн эле айылдашы Мырзаш Ашырбеков аттуу жигиттин да чыгармалары жүрөт! Мына ушул китепти окуп чыккан соң жаш уланда “мен да ушинтип жазуучу болсом болот экен го” деген ички бир ишеним пайда болду. Ошентип 7-класс кезинде эң алгачкы “Дүрбөдөй койлор” аттуу аңгемесин жазып, “Ленинчил жаш” гезитине почтадан салып жиберип, көп узабай редакциядан “Сиздин чыгармаңызды гезитибизге пайдалана албай калганыбыз үчүн кечирим сурайбыз” деген тариздеги кат алды. Балалык дүйнөсү менен бир эсе уялып, бирок эч кимге эч нерсе айтпай ичтен тынып тим болот. Бирок бир нече күн өтүп-өтпөй айылга жагымдуу жаңылык дүң эте түштү, көрсө баланын жазган “Дүрбөдөй койлор” аңгемеси радио уктуруудан берилиптир! Айылдын карыялары нарктуулугунан жазбай чогулуп келишип баланы алгачкы ийгилиги менен алкап, “жакшы жазат экенсиң балам” деп ак баталарын беришти. Баланын жылдызы жана түштү.
Жаштык жигер
Ошол 67-68-жылдарда жазуучулардын кадыр-баркы артып, ага кошул-ташыл Ч.Айтматовдун “Жамийла” повести жазылып, даңазасы таш жарып турган кез. Көркөм сөздүн күч-кудурети менен керек болсо бүт дүйнөгө таасир этсе боло тургандыгына көзү жетип, адабият дүйнөсүнө биротоло кирүүгө белсенген жаш жигит Ош шаарына келип педагогика институтунун кыргыз филология факультетине тапшырып окуп калды. Студенттик доор адабият менен эриш-аркак башталды. Дал ошол мезгилдерде билим алуу менен катар эле өзүнүн дээрин, шыгын жана жана билимдерин пайдаланып китептерге рецензия жазып, сындап, талдоого киришти. Ал кезде түштүк регионунан “Кыргызстан маданияты” гезитине макала жазган мугалимдер сейрек эле. Ушундай шартта Абдыкерим Муратовдун мыкты, ары жүйөлүү жазылган макалалары аны тез эле адабият жана педагогика чөйрөсүнө таанытты. “…Ошол жерде региондордо туруп алып “Кыргызстан маданияты” гезитине адабият боюнча макалаларды жазып, пикирлерди жазып, майда сын-макалаларды жазып, чоң-чоң жазуучуларды сындап жаза берчүбүз ким экенин билбей, көрсө аларга борбордун өзүндө сыйлап, аяр мамиле кылышат экен да. Кийин 1985- жылы Фрунзеге келип, 1987-жылдары “Жаш калем” деген серия менен кичинекей(шапалактай болгон) китебим чыккан. Ал китепке чакан-чакан бир шиңгилден жазылган аңгемелерим кирген. Учурунда анчалык чоң сөз болбосо да менин жазмакерлик ишимдин башталышы катары, биринчи китебим катары өмүрүмдөгү жакшы окуялардын бири болуп калды. Ошентип адабият мени өзүнө тартып кетти. Кийин илимий изилдөөлөрүмдү жүргүзүп, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогика боюнча докторлук диссертациямды жаздым. Ага чейин адабиятты мектепте окутуунун методикасы боюнча кандидаттык диссертация жазгам. Ошентип педагогика тарапка кеттим. Мектептерди кыдырдым. Турмушту көрдүм. Жазуучу болуш үчүн эң негизгиси турмушту көрүш керек да, биз согуштан кийинки муундун мунөзүн, жашоосун, азабын көрүп калдык” дейт окумуштуу, жазуучу.
Жан дүйнөмө жакыны…
Ал эми өзү алектенген адабияттын беш түрлүү багыты – публицистика, илим, педагогика, адабий сын, жазуучулукту эриш-аркак алып келе жаткан агайдан; “ Ушул чыйырлардын арасынан кайсынысы сизге жакын” деп сураганыбызда агай төмөнкүдөй ой бөлүштү; “…Адабияттын ар түрдүү жактарына аралашып калганым боюнча айтсам, кээде турмуштук зарылдыктан улам келип чыкты го деп ойлойм. Мисалы Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”романын мектеп программасына киргизип коюшту да бирок ошол кезде бул чыгарманы окуучуларга окутууда мугалимдер аябай кыйналышты. Анда чыгарманын кыргызчасы чыга элек, орусчасы эле бар болчу. Анан “эмне кылыш керек” деп ойлонуп отурдум да, акыры бир чечимге келип, тез арада Айтматовдун “ Кылым карытар бир күн” романын мектептерде окутуу боюнча бир жума бою изденип методикалык бир китепче даярдап чыктым. Ал кезде адабият теориясы мугалимдерге жакшы жете элек болчу, окутууда мугалимдер кыйналышчу. Ошондуктан адабиятты илим катары изилдөөгө мен мугалимдердин зарылдыгынан улам, муктаждыгынан улам келдим деп ойлойм. Эгер кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда иштеп, окуу программаларынын түзүүчүсү болбогонумда илимий чөйрөгө келбейт белем деп ойлойм кээде. Мына ушул адабияттагы ишмердүүлүктөрүмдүн арасынан жан-дүйнөмө эң эле жакыны – чыгармачылыгым. Көркөм туундуну жаратууда, өзгөчө майда аңгемелерди жазууда эргүү алам, эс алам кадимкидей. Соңку жылдарда чакан аңгемелерди жазып, сайттарга жарыялап жатканбыз, мына ошолорду жыйнап “Арча түбүндөгү айдың кеч” деген жыйнак түздүк. Андан сырткары эки роман жаздым кийинки мезгилде – “Сунулган баш, суурулган кылычтар” жана “Жылдыздар тараган таңда” аттуу. Экөө бири-бирине жакын, 20-жылдардагы окуяларды камтыган тарыхый темадагы романдар”.
Абдыкерим агай менен баарлашып олтуруп, анын жазуучулугу, илимпоздугу бир тең да, нарктуулукту, салмактуулукту карманган, сөз өнөрүн аздектей билген улуулук сапаты бир тең экенине ынанасың. Ылайым коомго эмгеги менен күжүрмөн кызмат өтөгөн сиздей инсандарыбыз көп болсун, бар болуңуз агай! Махабат Алымбек кызы