Аргентина менен Сербияда “Спутник V” вакцинасын чыгаруу башталды

9-июнь, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 31

Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги маалымдады. Аргентинадагы Laboratorios Richmond компаниясынын башчысы Марсело Рубен Фигейрас Петербург эл аралык экономикалык форумунда“2021-жылдын аягына чейин 100 млн доза вакцина өндүрүлөт”, — деп айтты. Учурда Аргентинада жылына 500 млн доза вакцина чыгаруучу завод курулууда.

Ал эми сербиялык РТС телеканалына өткөн жума күнү Сербиянын “Торлак” институтунун базасында “Спутник V” вакцинасын чыгаруу башталгандыгын илимий борбордун директору Вера Стоилкович билдирди. Линиянын ишке берилишине Сербия менен Россиянын президенттери Александр Вучич жана Владимир Путин байкоо салышты.

9-июнь, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X