«Арсенал» иш чарасынын алкагында бир нече кылмыш аныкталды
Ысык-Көл облусунда 10-марттан 21-мартка чейинки аралыкта «Арсенал» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 500дөн ашык милиция кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Анын негизги максаты – облустун аймагында мыйзамсыз курал-жарактарды, жардыруучу, же болбосо жарылуучу заттарды тегеретүүгө бөгөт коюу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө 14 уруксат берүүчү объектилери, 1300дөн ашык мергенчи-сүйүүчүлөр, 110го жакын газдык-травматикалык куралдардын ээлери текшерүүдөн өттү.
Куралдарды мыйзамсыз тегеретүүдөн 23 даана ок атуучу куралдар алынды, анын ичинен 3 сайлуу жана 20 сайсыз болуп эсептелинет. Ок атуучу куралдарынын сакталышынын эрежелерин жана каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 65 протокол түзүлүп, жалпы өлчөмдө 21 миң сомго айып пул салынды.
Андан тышкары, мурда катталган кылмыштардын 23 учурунун бети ачылып, издөөдө жүргөн 8 кылмышкер жана дайынсыз жоголгон 11 жаран табылды.
Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгы эскертет: ок атуучу куралдарды, жардыруучу, же болбосо жарылуучу заттарды мыйзамсыз тегеретүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ал эми өз ыктыяры менен аталган каражаттарды милицияга өткөрсө, кылмыш жообунан бошотулат.