Арслан Койчиев Улуттук тарых музейинде көчмө жыйын өткөрдү

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барып, музейдин ишмердүүлүгүн жана өнүгүү концепциясын талкуулаган көчмө жыйын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясатыминистрлигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун жетекчилиги жана окумуштуулары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, ошондой эле белгилүү тарыхчылар, археологдор жана адистер катышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев музейдеги экспонаттардын учурдагы абалы жана сакталышы менен жеринде таанышыа чыкты. Андан соң тарыхый-маданий мурастарды заманбап талаптарга ылайык чагылдыруу жана музейдин концепциясын өркүндөтүү багытында тарыхчылардын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн пикирлерин, сунуштарын укту.

Мамлекеттик катчы Улуттук тарых музейинин миссиясы экспонаттарды сактоо жана көрсөтүү менен гана чектелбестен, улуттук тарыхый эс тутумду калыптандыруу, мамлекеттүүлүк салтын жана руханий-маданий мурастарды кийинки муундарга жеткирүү менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.Возможно, это изображение толпа

«Улуттук тарых музейи – элибиздин тарыхый эс тутумун, мамлекеттүүлүк салтын, руханий жана маданий мурасын чагылдырган маанилүү илимий-билим берүү мейкиндиги. Мында ар бир доордун орду, тарыхый окуялардын өз ара байланышы, мамлекеттүүлүктүн өнүгүү этаптары жана кыргыз элинин дүйнөлүк тарыхтагы орду объективдүү, илимий негизде чагылдырылышы зарыл. Музейге келген ар бир конок жана кыргыз жараны, өзгөчө жаш муун, бул жерден өз тарыхын таанып, ата-бабаларыбыздын тарыхый жолун түшүнүп, улуттук мурастарыбыз менен сыймыктанууга дем алышы керек», – деп белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында тарыхты мезгилдештирүү маселеси, акыркы археологиялык казуулардын жүрүшүндө табылган баалуу артефакттарды экспозицияларга жайгаштыруу, ошондой эле илимий негизделген мазмунду байытуу сыяктуу бир катар актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын соңунда Кыргыз улуттук тарых музейинин экспозициялык концепциясын мындан ары да тактоо жана тарыхый-археологиялык материалдарды кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X