Арзан баада эт саткан мобилдик дүкөндөр ачылат

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Айыл чарба министрлигине караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ишканасы этти элге арзан баада сатуу үчүн мобилдик соода пункттарын ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалыматка караганда, анда атайын жабдылган унаалар – фудтрактар аркылуу эт түздөн-түз кардарларга сатылат.

Долбоордун максаты — эт азыктарын жеткиликтүү кылуу, ортомчуларды кыскартуу жана баанын негизсиз өсүп кетишине жол бербөө. Эт өндүрүүчүдөн түз эле сатып алуучуга жеткирилет.

Маалыматка ылайык, мобилдик соода пункттары шаар тургундарына да, алыскы аймактардын жашоочуларына да кызмат көрсөтөт.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X