Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип блогер кыз кармалды
25-мартта, Баткен милициясына каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова келип: » “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталат.
Маалыматка караганда, Арзыгүл Галымбетова ошол эле күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Ага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат.
Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде КРнын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 26-март күнү Акипресс агенттигинин Баткен облустук кабарчысы Арзыгүл Галымбетованын жүрөгү кармап каза болгон. Ал 37 жашта эле.