АШ-ТОЙГО ӨКМӨТ ЭРЕЖЕСИ КЕРЕКПИ ЖЕ БУЛ САЛТ-САНААГА КАРШЫ КЕЛЕБИ?

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Министрлер Кабинетинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын иретке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда кийит кийгизүү, түштөндүрүү, себет алып баруу, кредит алып той берүү сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши каралган. Бул демилге коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, салт менен заманбап жашоонун ортосундагы тең салмак тууралуу суроону кайрадан күн тартибине чыгарды. Ушуга байланыштуу бир катар коомдук ишмерлердин пикирин уктук.

Темирбек Асанбеков, «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы:

— Негизи кыргыздын ич ара катышуулары илгертеден бери эле каада-салт аркылуу калыптанып келген. Албетте, жыл өткөн сайын сый-урмат көрсөтүүнүн эрежелеринин жаңы ыкмаларын ойлоп таап, кур намыс үчүн аша чабуулар да бар. Бирок тыюу салып, көзөмөлгө алып, мыйзам аркылуу иреттөө оор деп ойлойм.  Эгер эл эрежени сактасын дешсе,  маданият кызматкерлери, бийлик өкүлдөрү жана жалпы элге таанымал  инсандар  ысырапкорчулук кылбай, өздөрү үлгү көрсөтүшү керек. Ошондо гана эл аттуу-баштууларды ээрчип,  өкмөттүн бул аракетинен жыйынтык болушу мүмкүн.

Карамат Орозова, ЖКнын экс-депутаты:

— Министрлер Кабинетинин токтомун колдойм. Себеби, кымбатчылык элди бул талаптарды аткарууга өзү эле даяр кылып койду. Карапайым эл байларга теңелем деп банктардан насыя алып той өткөрүп, акырында төлөй албай калган учурлар бар. Бул чындык. Токтом жакшы, бирок иштеп кете алабы деген суроо турат. Аткарылышын жергиликтүү бийлик катуу көзөмөлгө алышы керек. Кыргыздын каада-салтын да токтомго ылайыкташтырып, ашыкча чыгымды кыскартса болот. Бул азыркы учурдун талабы.

Эркингүл Иманкожоева, ЖКнын экс-депутаты:

— Азыркы заманда кымбатчылык болуп турганда, аш-тойлордо эбегейсиз чоң чыгымдарды азайтуу туура. Айрым жерлерде түштөндүрүүгө жети тай союлуп, жети жолу эт тартылып жатат. Бул сый көрсөтүү эмес, кыйноо болуп калды. Кудаларды кечке эт жедирип, ары-бери сүйрөгөндүн ордуна, түштөндүрүүгө сойгон жети тайды жетелеп келип, “жаштарга мал улап алгыла” деп берсе сонун болмок.

Экинчиден, акыркы жылдары “себет” деген бир ашыкча салт чыкты. Он, он эки корзина жашылча-жемиш, таттуулар бул жөн эле коромжу. Кийит кийгизүүнүн да такыр кереги жок. Көбүнчө Кытайда жасалган калпак, чепкен берилгени менен аны эч ким кийбейт деле. Кыскасы, түштөндүрүүгө, кийитке, себетке кеткен акчаларды коромжу кылбай, жаш үй-бүлөгө берип койсо туура болмок.

Ал эми өлүм-житимде өтө катуу тыюу салууга болбойт. Адамды акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдөн бир бодо союуга уруксат болушу керек. Бул илгертеден келе жаткан салт. Алыстан тууган-туушкан, куда-сөөк келет, аларга тамак берүү зарыл. Кошунаңдыкынан тамак бер деген туура эмес. Кошунаң  араң жашап жатса, аларга оорчулук келтирүүнүн зарылдыгы жок деп ойлойм. Негизи колунда бар-жогуна карабай, бодону жана сөөк узатуудагы  чыгымды туугандар эле көтөрүп келет. Ошондуктан бул жерде тыюу эмес, акылга сыярлык чектөө керек.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X