Ашхабадда билим берүү министрлеринин жыйыны өттү

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 71

 Бүгүн, 22-октябрда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын билим берүү министрлеринин тегерек столу өттү. Жыйында аймактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, көп тилдүүлүктү колдоо жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө маселелери талкууланды.

Иш-чарага катышкан Кыргызстандын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова өлкөнүн көп тилдүү билим берүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, аймактык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча 3 негизги сунушту киргизди:Возможно, это изображение помост и текст

  • Педагогдорду даярдоо боюнча билим берүү программалары менен алмашуу;

  • Эки тилдүү жана мультимедиалык материалдар камтылган бирдиктүү санариптик китепкана түзүү;

  • Билим берүүдө маалымат чогултуу жана мониторинг жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү.

Бул демилгелер ЕККУ, ЮНИСЕФ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, аймакта инклюзивдүү жана жеткиликтүү билим берүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X