Ашууларда жана жолдордо чектөө жок
15-мартка карата Кыргызстандын бийик тоолуу ашууларында жана жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:20да алынды.
Транспорт министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
Ал эми Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда катуу бороон болуп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралды. Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Унаа тыгыны жок.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.