Аскарбек Жаныбеков: «Быйыл түшүм аз болот»
Быйыл былтыркыга салыштырмалуу түшүм азыраак болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.
Анын айтымында жазында дыйкандарга жардам ирээтинде үрөн менен камсыздоо үчүн дотация катары 51 млн сом бөлүнүп анын 21 млн фермерлерге берилген. Жазгы талаа иштери өз убагында аяктаган.
«Былтыр кызылча аянтынын жалпы аянты 8миң 300 га болсо быйыл 11 миң 300 га болгон. Экинчиден май өсүмдүктөрүн 2 миң га көбүрөөк айдаганбыз. Буудайдын аянтын 4 миң га көбөйткөнбүз» — деди Жаныбеков.
«Быйыл тамак -аш таңсыздыгы жаралышы мүмкүнбү?» деп суроо узатты депутат Өмүрбек Бакиров.
«Быйылкы суу тартыштыгын жана кургачкылыкты эске алсак анда түшүм былтыркыга салыштырмалуу азыраак болушу күтүлүүдө», — деп жооп берди министр.