«Асман» шаары качан курулуп бүтөт?

15-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 80

«Асман» шаары — бул кыргыздын өзүнүн шаарын куруу кыялы. Экологиялык жактан таза шаарды куруу боюнча биздин Президенттин кыялы ишке ашат деп ойлойм. Кыргызстандын бийлиги беш жылдын ичинде шаарды куруп бүткөрүшү керек. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

“Учурда биз “Асмандын” башкы планын иштеп чыгуунун үстүндөбүз. Инвесторлор тарабынан абдан көп кызыктуу сунуштар түшүп жатат. Америкада иштеп келген жигиттерибиздин бири Караколго IT-шаарча курууну каалап жатат. Биз ага колдон келген жардамыбызды беребиз. Эгер аныкы ишке ашса, «Асманды» куруу кантип эле мүмкүн болбосун? Астана куруларына дагы эч ким ишенген эмес. Ташкент-Ситини караңыздар, шаар ичиндеги шаар. Алардын колунан келди, биздин дагы кыялыбыз ишке ашат деп ойлойбуз. Жакынкы беш жылда «Асман» жөнүндөгү кыял кайсы бир деңгээлде ишке ашат», — деди Жапаров.

Ал эми “Асман” долбоорун жетектеген Тимур Файзиев боюнча  “Бул жигит «Фейсбукка» чыгып көнүп калыптыр. Аны токтотуп, ишиңди кыл деп жатабыз. Мен буга чейин курулуштарын көрүп келдим. Энергиясын өкмөттүн ишине жумша деп жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

15-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X