Ассоль МОЛДОКМАТОВА: “МЕН АТАМДЫН ИЗИ МЕНЕН БАРАТАМ”

20-декабрь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

— Ассоль айым, дүйнөдөгү ийгиликтүү адамдардын кеңешин уксак, адам жумасына 4 китеп окуш керек экен. Сиздин да кайсы бир маегиңизде окуган элем, «бир жумада төрт китеп окуйм» дегенсиз. Күн тартибиңиз азыр да ошондойбу?

— Китепти тынымсыз окуп жүргөн адам өз оюн мыкты, жеткиликтүү айтат. Көптөгөн, кызыктуу инсандар менен кызыктуу баарлашат жана адамды өзүнө тартып турган жагымдуу, жылдыздуу маектеш боло алат. Айлана-чөйрөдөн, жашоодон ырахат алып жашай билет. Китептин адам тагдырына өзгөчө таасир тийгизерин бала кезимде эле түшүнгөм. Менин өсүпөнүгүүмө китеп түздөн-түз себепкер болгонун билем. Ооба, мен абдан көп окуйм жана балдарды дагы окутам. Акыркы 5 жылдан бери ар бир эс алган күнүмдө балдарга китеп окуп берем. Менин тилегим – Кыргызстан китепти көп окуган өлкө болушун каалайм.

— Сизди өзүн-өзү «Ассоль Молдокматова» кылып жараткан мыкты айым катары билебиз. Мындай ийгиликке жетүү үчүн бала кезиңизден бүгүнкү күнгө чейин кандай эмгек, изденүүлөрдү башыңыздан өткөрдүңүз?

— Максаттуу, жоопкерчиликтүү адам гана өз ийгилигинин формуласын так аныктай алат. Мен өтө көп эмгектенем, үйрөнөм, окуйм жана жеткен ийгилигиме ырахаттанып токтоп калбайм. “Азыраак жаккан отундан аз эле күл калгандай, ортозаар каалоо – ортозаар натыйжага жеткирет” деп, бир белгилүү жазуучунун ийгилик боюнча айткан сөзү бар. Мен дайыма так максат коем жана ага жетем. Эмнени кааларыңды так билип, эң башкы каалооң менен экинчи даражадагы каалоону айырмалай алсаң – ийгиликтин ачкычын тапканың ошол. Ийгиликке алып бара турган жолду, максаттарды ар бир адам өзү тандайт.

— Сиздин атаңыз акын, журналист, мыкты инсан болгон дешет. Ал киши дүйнөдөн эрте өтүп кеткендиктен, жакшы билбей калганыңызды айтып жүрөсүз. Атаңыздын жасап кеткен иштерин, кандай сапаттарын жогору баалайсыз?

— Менин атам Абдыкалый Молдокматов акылдуу, интеллигент, ак көңүл, жайдары жана адилет адам болгон. Ал менин жүрөгүмдө дал ушундай образ менен калды. Атам Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн алгачкы карлыгачтардын бири. “Труд”, “Известие”, “Комсомольская правда” гезиттеринде иштеген. Ал дайыма чындык үчүн күрөшкөн жана чындыкты жактаган. Алсыздарды коргогон. Ал өз доорунун эң курч калемдүү журналисти болгон. Өзүнүн акыркы демине чейин кесибин берилип сүйүп, ак кызмат өтөгөн. Мен дагы атамдын изи менен баратам: дайыма алсыздарды коргойм жана кесибим менен абийириме чын дилимен берилгем. Эгер атам тирүү болгондо ата-бала катары суктанарлык мамиледе болмокпуз деп ойлойм.

— Апаңыз дагы интеллигент адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн, мыкты адам экен. Сиз дагы ал кишинин бала кезиндеги тагдырынан улам кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани берип калгансызбы?

— Менин сүйүктүү жана алпейим апам балдар үйүндө чоңойгон. Анын жетим балдар жөнүндөгү кайгылуу эскерүүлөрүн көп жолу уккам. Өлкөбүздөгү атаэнеси жок балдарга жардам берем деп, апама 12 жашымда убада бергем. Айткан сөзүмдү 25 жылдын аралыгында аткардым. Бир караганда байкалбаганы менен коомубуздагы абдан чоң көйгөйлөрдүн бири ушул. Балдар быйтыйган колдору менен кучактап, башын көкүрөгүмө катканда жүрөгүм сыздап кетет. Апам дайыма мени менен бирге балдарга барып жолукканга аракет кылат. Бирок, мен апамды ал жакка барбаганга көндүрөм. Анткени, ал абдан сезимтал адам. Мүмкүн өзүнүн балалык кезин эстеп ыйлап жибереби дейм. А өзүм эч кимге көз жашымды көрсөткүм келбейт. Кечээ күнү Оштон келген катты окудум. Катты жазган кичинекей бала жөпжөнөкөй нерсени эңсейт экен. Ал даамдуу тамак-аш жана таттууларды жегиси келет. Же болбосо беш балалуу эненин катын мисалга алайын. Аял ооруп калганда күйөөсү үйүнөн балдары менен кошо кубалап жиберген. Келин көчүпконуп жашагандан биротоло кутулуп, бир менчик үйгө ээ болуп, балдары менен жетиштүү турмушта жашаганды тилейт.

— Сиздей мээнеткеч адам кыргыз тилин таза сүйлөгөндү деле үйрөнүп алмак деп ойлойм. Кыргызча сүйлөгөндү эмнеге үйрөнө элексиз?

— Бир аз акцент бар болсо дагы, кыргыз тилинде эң сонун сүйлөйм. Качандыр бир кезде менин чөйрөмдөгүлөр кыргызча сүйлөгөнүмдү укканда күлүштү эле. Кыргызча ырларды кыргыз тилинде окуп, социалдык желелерге коюп баштайм бир күнү. Бул сиздерди кубандырат деп ойлойм.

— Өзүңүздүн кайсы сапаттарыңызды баалайсыз?

— Бул жөнүндө эл айтыш керек. Бирок, эмгекчилдигимди, сабырдуулугумду, өзүмдүн үстүмдөн иштөө үчүн зор күч жумшаганымды жана жашоого жарык маанайда караганымды белгилеп өткүм келет.

— Өмүрлүк жолдошуңуздун кандай артыкчылыгына карап тандадыңыз?

— Акылдуулугуна, интеллектуалдык деңгээлине, тарбиясынын мыктылыгына жана мен таяна тургандай “күчтүү ийнине” карап тандадым.

Афина БАКИРОВА
№111 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 20-декабры

20-декабрь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X