Асылзат: Мээримдүү мугалим — ВИДЕО
Калманбетова Назира башталгыч класстардын мугалими. 1999-жылдан тарта мугалимдик кесипти аркалап келет. Учурда Аксы районундагы А. Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө негизги жалпы билим берүү мектебинде башталгыч класс мугалими жана китепканачы болуп эмгектенет.
Назира айым өз ишмердүүлүгүндө учурдун талабына ылайык, жаңы ыкмалар менен сабак берүүгө басым жасайт. Айрыкча, окуучулардын оюн эркин билдирүүсүн талап кылат жана өзү да башталгыч класстын окуучулары менен тең ата сүйлөшүп, дайыма ыр окуп берип, аларга болгон сүйүүсүн арнап турат. Муну менен ал окуучулардын кыргыз адабиятына жана кыргыз тилине болгон сүйүүсүн ойготууну максат кылат. Биз алыскы Аксы районунун №64 Дардак-Дөбө негизги жалпы билим берүү мектебинде башталгыч класс мугалими Назира Калманбетованын окуучуларына арнап окуп берген ырларынын бирин окурмандарга сунуштайбыз.
Күндө келем мектеп ичи класска,
Күткөндөр бар, күткөндөрү ырас да,
Садагасы окуучулар эмеспи,
Сагындырган көрбөй калсам бирпаска.
Балбылдаган көздөрүңдү карасам,
Таттуу кыял татынакай балапан
Эжейлешип алдым тосуп чуркашса,
ал-жаныма кубат берчү арашан.
Бейпил күндүн ачып билим эшигин
Бергим келет менден алчу кешигин
Аларга эмей анан кимге арналмак,
Үзүрлүү менин мугалимдик кесибим.
2-март, 2022-ж.
/
Жаңыл Дүйшөкеева
/
Аймак