Авиакырсыктан эки кыргыз жараны аман калган

25-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Казакстандагы авиакырсыктан эки кыргыз жараны аман калган. Муну Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесинен көрүүгө болот.
Үчүнчү жаран боюнча азырынча расмий маалымат жок. Бирок айрым ЖМКлар анын да аман калганын кабарлашууда.
Ошондой эле аталган тизмеде 10 россиялык, 14 азербайжандык жана жарандыгы белгисиз үч адам көрсөтүлгөн.
Ал эми Тышкы иштер министрлиги зарылдык жаралса Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги менен +7 776 124 88 33 телефону аркылуу байланышса болорун билдирди.
25-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X