"Эркин-Тоо"

Аялын машиналуу, баласын үйлүү кылам дегендер этият болгула

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамкызматка келип баюну көздөгөндөргө ачууланган тейде эскертүү берди.

“Ушул жерде отургандар өзүбүздү тазабыз деп сезебиз, бирок ичиңерде эмне болуп жатканын өзүңөр билесиңер. Өзгөчө, жергиликтүү бийлик, министрлер. Кесиптештер, кимдир бирөө иштегиси келбей жатса, эшик ачык. Баргыла да, бизнесиңерди кылып байып, жыргап жата бергиле. Мамлекеттик аткаминер бай жашабашы керек жана бай боло албайт. Аким, губернатор, министр болуп байыйм деген мурунку түшүнүктү алып ыргытыш керек. Мурда ар бир кызматтын “ставкасы” бар эле, азыр жетекчилердин бир тыйын алуу оюнда жок. Силер деле ошентип иштей бергиле. Мэр болсоңор эле “каяктан байысам, аялыма машина, балама үй алып берейин” деп атасыңар, маалыматтар бизде бар. Таза жүргөн жакшы, тигини-муну алып берем деп жатып балээге калып жатасыңар. Этият болгула!” деди Ташиев. Атайын кызматтын башчысы үй керек болсо өкмөткө кайрылып, жеңилдетилген шарттагы ипотека аркылуу алууну сунуштады. Ошондой эле Ош шаарындагы УКМКнын тергөөчүсүн ИИМ жана Башкы прокуратура менен биргеликте кылтакка илишкенин, күч органдарынын арасында эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин кошумчалады.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!