Азамат Дыйканбаев эки айга камалды

Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынын берген маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын абагына киргизилди.

Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнөн пара алды деп шектелүүдө. Эске салсак, Дыйканбаев өкмөттөгү кызматка 5-майда дайындалган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X