Азат Эркимбаев Кыргыз курама командасынан кетүү себебин ачыктады

12-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев командадан кетүү себебин айтты. Ал Sport Hub подкастында  «Мен улуттук курамада 12 жыл иштеп, Канат Бегалиев менен чогуу келип, улук машыктыруучу болдум. Колумдан келгендин баарын жасадым деп ойлойм. Федерация машыктыруучулардын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизди. Биз муну туура деп ойлодук. Жаңы идеялар менен жаңы күчтөрдүн келишин өзүбүз каалаганбыз. Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз Олимпиада оюндарында алтын алуу үчүн бар күчүбүздү жумшадык», — деди.

12-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X