"Эркин-Тоо"

“Азаттык” жабылып калышы мүмкүнбү?

Дональд Трамп шайлоо маалында: “Биз АКШны кайрадан күчтүү жана бай кылабыз. Американы кайра улуу кылабыз” деп айтканы бар. Ошол убадасын ишке ашырууга белсенип, өзгөчө кадамдарды жасай баштады. Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча министрликке дайындалган, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын сунушу менен ЮСАИД уюмун жоюу боюнча сөз козголо баштады. Учурда чет мамлекеттерге бөлүнүп келген жардамдын өлкө кызыкчылыгына жооп берер-бербеси талданып жатат. Алардын билдирүүсүндө: “АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги ондогон жылдар бою америкалыктардын алдында отчет берген эмес. Ири суммадагы акча ыксыз, айрым учурда кылмыштуу, бюрократияга белчесинен баткандардын сүйүктүү долбоорлоруна жумшалган. Эч кандай көзөмөл болгон эмес” деп айтылган. Тизмесинин катарында террордук топ деп таанылган коммерциялык эмес уюмдарга багытталган жана АКШ менен Россияда террордук деп табылган «Аль-Каида» менен байланыштуу сириялык согушкерлердин тамак-ашы үчүн жүз миңдеген доллар бөлүнгөн долбоор бар. АКШнын жаңы администрациясы ЮСАИД уюмунун чет мамлекеттерде трансгендердин укугуна байланышкан долбоорлорду каржылаганына да ичи чыкпай турат. Буга мисал катары Колумбияда «трансгендердик операга» 47 миң, Перудагы «трансгендердик комикстерге» 32 миң доллар бөлүнгөнү келтирилген. Америка элинин акчасынан жүз миллиондогон доллар Афганистанда ирригация каналдарын казып, үрөн сатып алууга жумшалганы да мисалга тартылып, анын баары героин өндүрүүгө пайдаланылып келгенин ачыктады. Мындан башка дагы далилдер келтирилип, жылдык бюджети 50 млрд долларды чапчый тургандыгы айтылды. Дүйнө коомчулугу аң-таң калып, ишенер-ишенбесин билбей туруп калды. Булардын баары чындык болсо, анда демократиянын атасы делген империя дагы ичинен чирий баштаган экен го деген ойго жетеленүүдө.

Баса, кечээ ошол эле АКШдагы ирик-чирикти тазалай баштаган Илон Маск “Азаттык” радиосун жабууга чакырык жасады.  “Ооба, жабыңыздар. Европа эми эркин (эгер басым жасаган бюрократияны эске албасак). Буларды эч ким укпайт. Бул жөн гана солчул радикалдар, алар өздөрү менен өздөрү сүйлөшүп, америкалыктардын салыгынан жылына 1 миллиард доллар өрттөп жатышат” деп жазды. Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын мындай күтүүсүз сунушу бизде дагы кеңири талкууланууда.

Акыркы жылдары коомчулукта “Азаттыкка” болгон сын арбын айтылып, радиодо иштеп кеткендер дагы өтө чоң кемчиликтерди белгилегенине күбө болгонбуз. Андагы коррупциялык иштерди, тууганчылык сындуу көйгөйлөр кеңири айтылган. Кээ бир жетекчилер туугандарынын фамилияларын өзгөртө коюп жумушка алганы белгиленип, жогорку айлык акылар төлөнүп турганы көптөн бери тынымсыз сөз болуп келе жатат. Ошол эле учурда бул уюмдардын жетекчилери демократиялык баалуулуктар боюнча түшүнүгү барбы же жокпу деген суроого эч кимиси жооп издей элек. Айрымдары он жылдап жетекчилик кызматта калып, жемкорлук схемалар менен байлыкка туйтунуп, өз кызыкчылыгына маалымат таратып келишкени да Атамбаевдин учурунда өтө көп айтылган.

“Азаттык” радиосуна болгон негизги дооматтардын бири – тең салмактуулукту сактабаганы, коомчулукка кырдаалды бир тараптуу көрсөтүп, көбүнчө негативге басым жасаганы да белгиленип жатат. Мисалы, өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болуп, жаңы ишканалар ачылып, экономикалык өсүш байкалган маалда “Азаттык” негативдүү окуяны таба коюп, аны талкуулап, элдин көңүлүн ошол жакка буруп кетет деген ойлор айтылууда. Чындыгында бул маалыматтык манипуляциянын бир түрү болуп калышы мүмкүн. Мындан сырткары, алардын материалдары көбүнчө бир тараптуу болуп, расмий бийликке каршы көз карашты гана чагылдырат, бул журналистиканын негизги принциби болгон бейтараптуулукка каршы келет деген пикирлер да бар. Айтор, көптөгөн жылдардан бери чар тараптуу маалымат булагы катары айтылып келген радиого ичи чыкпагандар көбөйгөн. Алардын баары Илон Масктын сунушун кубатташууда.

Турмуш чындыгына келе турган болсок, демократиялык баалуулуктар тарыхый, экономикалык, маданий жана институттук факторлордун айкалышы аркылуу пайда болот. Алар капыстан жаралбайт, жарандардын, элитанын жана эл аралык процесстердин өз ара аракеттенүүсү аркылуу акырындык менен калыптанат. Демократиялык баалуулуктардын туруктуулугу коомдун плюрализмди, мыйзам үстөмдүгүн жана баарына бирдей укуктарды камсыз кылуу жөндөмүнө көз каранды. Ток этерин айтканда, биз демократиялык баалуулуктарды өзүбүзгө өз алдынча калыптандырышыбыз керектигин түшүнө турган убакыт келди.

 

                                                                                                            Кылычбек  Кудайбергенов

Пример HTML-страницы