"Эркин-Тоо"

Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдү өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификацияланды.

КР Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Финансы каражаттар  тарабынан “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн 56,0 млн АКШ доллары, анын ичинде 31,0 млн АКШ доллары гранттык каражаттар жана 25,0 млн суммасында АКШ доллары кредиттик каражаттар берилет.

Долбоор менен Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоонун суткалык көлөмү 14,2 миң метр куб, 150 км канализациялык тазалоочу курулмалар, канализация системасы, 11,0 км променад (жөө-веложолдору), тарых музей жана 3 эс алуу паркы курулат. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында туризм объекттеринин инфраструктуралары жана петроглифтер жайгашкан жерлердин абалы жакшыртылат.

Пример HTML-страницы